Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган жетекчиси Самман Жунг Тапа мырзанын катынын көчүрмөсүн кабыл алды

2024-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган жетекчиси Самман Жунг Тапа мырзанын катынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, ЮНИСЕФтин өкүлү ЮНИСЕФтин 2023-2027-жылдарга карата өлкө программасынын пландары жана аларды ишке ашыруунун жолдору тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде А.Исаев ЮНИСЕФтин Кыргызстанга эне жана баланын ден соолугун коргоо, билим берүү, балдардын жакырчылыгын кыскартуу, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоого жана коргоого багытталган башка программалардын бүтүндөй комплекси боюнча көп жылдар бою көрсөткөн жардамынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, А.Исаев Самман Жунг Тапаны жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФтин мындан аркы жемиштүү кызматташуусуна ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK