Элчи Эрбол Султанбаев Беларустун Ички иштер министри Иван Курбаков менен жолугушту

8-майда Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын Ички иштер министри Иван Курбаков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер укук коргоо органдарынын эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү, ошондой эле көп тараптуу форматта кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты.

Тараптар укук коргоо органдары аркылуу, анын ичинде кадрларды даярдоо, маалымат алмашуу, киберкылмыштуулуктун алдын алуу жана ишмердүүлүктүн башка актуалдуу багыттары боюнча ишти улантуу ниетин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK