КР Австриядагы Элчилиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш Күнүнүн 79 жылдыгына арналган гүлчамбарларды коюу аземине катышты

255

2024-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги КМШга кирген бир катар мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш Күнүнүн 79 жылдыгына арналган гүлчамбарларды коюу аземине катышты.

Салтка айланган иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Толенды Макеев жана Кыргызстандын дипмиссиясынын кызматкерлери Вена шаарынын Шварценбергплац аянтчасындагы советтик жоокерлердин мемориалына гүлчамбарларды койду.

Маалымат үчүн: Советтик Армиянын баатырларына эстелик катары белгилүү болгон Мемориал Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Вена шаарын бошотууда  курман болгон 17 миң советтик жоокерлердин элесине арналып тургузулган. Бул эстелик Шварценбергплац аянтында жайгашкан жана Австриянын борбор шаарын бошотууда Советтик Армиянын жоокерлеринин, алардын ичинде кыргызстандык жоокерлердин көрсөткөн баатырдыгын түбөлүк эскерүүнүн жана аларга ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK