Кыргызстандык режиссёр Р.Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы III Эл аралык кинофестивалдын Гран-приси менен сыйланды

2024-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги III Эл аралык туура багыттагы кино фестивалынын жыйынтыгы боюнча байгелерди салтанаттуу тапшыруу аземине катышты. Иш-чара Москва шаарында Жеңиш музейинде өттү.

Конкурстун Баш байгесине өзгөчө адам, аң-сезим жактан өсүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган 35 жаштагы Адил деген жигиттин тарыхын, эненин балага болгон күчтүү сезимин чагылдырган кыргызстандык режиссер Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» аттуу көркөм тасмасы ээ болду.

Салтанатта «Дебют», «Мыкты режиссёр», «Мыкты даректүү тасма», «Мыкты кыска метраждуу фильм», «Мыкты анимациялык фильм», «Мыкты сценарий», «Биздин замандын каармандары» номинациялары боюнча фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакка жалпысынан 140тан ашык арыз келип түшкөн жана катышуу үчүн Россия, Беларусь, Кыргызстан, Кытай, Сербия жана башка өлкөлөрдө жаратылган 33 тасма тандалып алынган.

Салтанаттын аягында Башбайгеге ээ болгон «Бейиш эненин таманында» тасмасы тартууланып, москвалык көрүүчүлөр тарабынан кол чабуулар жана өтө жогорку баа менен кабыл алышты.

Сыйлык «Бейиш эненин таманында» тасмасынын автору Р.Акунга жөнөтүлөт.

Маалымат үчүн: Эл аралык туура багыттагы кино фестивалы 2022-жылдан бери өткөрүлүп келет. Өткөрүлүүчү негизги жай – Москва шаарындагы Жеңиш музейи, ошондой эле фестивалдын алкагында аймактык музейлерде, маданий мекемелерде, мектептерде жана бүткүл россиялык балдар лагерлеринде да өткөрүлөт. 2023-жылдан бери фестиваль эл аралык статуска ээ.

Кинофестивалдын программасында Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу көркөм жана даректүү фильмдер гана эмес, ар кыл жанрдагы фильмдердин кеңири панорамасы каралган. Кинофестивалда салттуу баалуулуктардын, гуманизм идеяларынын негизинде жаралган мыкты тасмалар топтолгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK