Элчи А.Артыкбаев Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Эл аралык аналитикалык борборго барды

221

2023-жылдын 22-ноябрында Улан-Баатыр шаарында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Артыкбаев Кыргыз Республикасы башкаруу кеңешине мүчөлүк кылган Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Эл аралык аналитикалык борбордун кеңсесине барды.

Аталган аналитикалык борбордун аткаруучу директору Дулгуун Дамдин-Од менен болгон жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тоолоруна жана мөңгүлөрүнүн эришине таасирин тийгизген климаттын өзгөрүшүнүн жаатында биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн, «жашыл» энергетика маселелерин жана ошондой эле инфраструктуралык байланыштар жана транспорттук каттамдардын аспектилерин талкуулады.

Аткаруучу директор Дулгуун Дамдин-Од Эл аралык аналитикалык борбордун ишмердүүлүгүнө кеңири маалымат берип, изилдөө демилгелери тууралуу ой бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында аймактык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланып, деңизге чыга албаган өлкөлөр туш болгон көйгөйлөрдү чечүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгү баса белгиленди.

Мындан тышкары, 2024-жылы илимий-изилдөө ишмердүүлүктө кызматташуу жана биргелешкен тематикалык иш-чараларды уюштуруу боюнча макулдашуулар жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK