Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен Кыргызстанга келет
Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет.
Бул сапар Малайзиянын Премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот.
Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда. Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө маселелер талкууланат.