Элчи Улукбек Марипов “Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү” темасындагы тегерек столго катышты

2024-жылдын 8-майында Эр-Рияд шаарында Элчи У.Марипов Булуңдун изилдөө борбору (Gulf Research Center) тарабынан уюштурулган “Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү” темасындагы тегерек столго катышты.

Иш-чарага ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын Сауд Арабиядагы Элчилери, Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Булуңдун изилдөө борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланып, эки региондун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде Булуңдун изилдөө борборунун жетекчилиги Борбордук Азия жана Азербайжандын илимий институттары жана аналитикалык борборлору менен эки тараптуу кызматташууну түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Элчи У.Марипов Кыргыз Республикасынын Булуңдагы араб өлкөлөрү менен болгон мамилелеринин учурдагы абалы жөнүндө айтып, Кыргыз Республикасы “Борбордук Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу стратегиялык диалогдун алкагында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө умтулуусун ырастады.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар жемиштүү кызматташууну улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK