Элчи Аскар Бешимов Непалдын Президенти Рамчандра Пауделге Ишеним грамотасын тапшырды

2024-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимов Непалдын Президенти Рамчандра Пауделге Ишеним грамотасын тапшырды.

Салтанат Катмандудагы президенттик сарайда өттү.

Непалдын башчысы менен жолугушууда Элчи А.Бешимов Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан салам айтып, кыргыз тарап Непал менен достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Элчи глобалдык эл аралык проблемаларга карата позициялардын окшоштугу биздин өлкөлөргө эки тараптуу негизде жана БУУда жана башка көп тараптуу платформаларда активдүү өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Элчи А.Бешимов эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын зор потенциалын белгилеп, эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, дипломатиялык байланыштарды чыңдоо жана экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн элчи Катманду шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылышы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары Элчи А.Бешимов Кыргыз Республикасынын тоо демилгелеринин алкагында үстүбүздөгү жылдын 10-майында БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана тоо токойлорун жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн маалымдады. Аталган иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Туруктуу тоолорду өнүктүрүү» резолюциясы менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын 14-декабрында жарыяланып, Непал тарабы дагы уюштуруучу болгонун баса белгиледи.

Өз кезегинде Непалдын Президенти Рамчандра Паудел Элчини кызматка киришүүсү менен куттуктап, анын мындан аркы иши эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү салым кошоруна ишенимин билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Элчи А.Бешимов Непалдын Президенттик сарайынын Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK