Документерди таануу жана суратып алдыруу
Консулдук маселелер / Документтерди таануу жана суратып алдыруу (KG)
Талап кылуу жөнүндө суроо-талапты тариздөө үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- жеке маалыматтарды иштеп чыгууга, сактоого, макулдукту камтыган арыз;
- арыз ээсин тастыктаган документтер;
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөндөгү документтер берилет:
1) суралган документтин аныктыгы жөнүндө маалыматтарды талап кылууда:
- аныктыгын тастыктоо керек болгон документтин көчүрмөсү;
2) өзүнө карата документтер суралган адамдын мыйзамдуу өкүлү кайрылганда:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
3) өзүнө карата документтер суралган адамдын камкорчусу / көзөмөлчүсү кайрылганда:
- адамды камкорчу / көзөмөлчү катары дайындоо жөнүндө соттун чечими, же чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген башка документ;
4) 18 жашка чыга элек жаранга карата документтер суралганда, анын мыйзамдуу өкүлү кайрылганда:
- документи суралган 18 жашка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
5) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын талаптарына жараша документтерди талап кылуу үчүн негиз болуп саналган башка документтер.