Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилиги Брюссель шаарындагы советтик аскерлердин бейиттерине гүлчамбар койду жана Люксембург шаарындагы Жениш күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

2024-жылдын 9-майында, Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айдит Эркин жана Элчиликтин кызматкерлери Брюссель шаардын борбордук көрүстөнүндө өткөн Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгон советтик аскерлердин жана бельгиялык күрөшүүнүн катышуучуларынын бейиттерине гүлчамбарларды коюу аземине катышты.

Ошондой эле, 2024-жылдын 6-майында, Кыргыз Республикасынын Элчиси Айдит Эркин Люксембург шаарында Россия Федерациясынын Элчилиги тарабынан уюштурулган Жеңиш Күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ишчаранын алкагында болгон Концерт-реквиемде Совет элинин эрдигине арналган жана согуш мезгилинде жаралган ырлар жаңырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK