Катар Мамлекетиндеги Элчиси Марат Нуралиев Катар Мамлекетинин Ички иштердин мамлекеттик министри шейх Абдулазиз бин Файсал Аль Тани менен жолугушуу өткөрдү

2024-жылдын 8-майында Катар Мамлекетиндеги Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марат Нуралиев Катар Мамлекетинин Ички иштердин мамлекеттик министри шейх Абдулазиз бин Файсал Аль Тани менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшундө, тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда мурда кол коюлган документтердин аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты. Мындан тышкары, эмгектенгендердин жүрүү шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Катар тарап компетенттүү органдардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн байланыштарды улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK