Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кайрымдуулук дипломатиялык жарманке өткөрдү

2024-жылдын 14-майында Бишкек шаарынын борборунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси болуп өттү.

Жарманке Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасында аккредиттелген 12 дипломатиялык өкүлчүлүк жана 1 консулдук мекеме катышты.

Жарманкеге келгендер ар кандай товарларды, ошондой эле чет мамлекеттердин улуттук тамак-аштарын жана суусундуктарын татып көрө алышты. Жарманкенин катышуучулары тарабынан түшкөн бардык каражаттар кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Ошондой эле, 2024-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги «Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору менен биргеликте дипломатиялык корпустун башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле чакырылган коноктор үчүн майрамдык концерт уюштурду. Концерттин жүрүшүндө балдардын чыгармачылык топтору дүйнө элдеринин бийлерин жана ырларын тартуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK