Министрдин орун басары Авазбек Атаханов Малайзиянын Элчиси Ильхам Туа Бин Иллиас мырзанын Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

2024-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Малайзиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ильхам Туа Бин Иллиас мырзанын Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Министрдин орун басары А.Атаханов Малайзиянын Элчисин Кыргыз Республикасындагы Элчи кызматына дайындалышы менен куттуктап, ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады. Малайзиянын жаңы Элчисинин дайындалышы менен кыргыз тарабы кыргыз-малайзия мамилелерин өнүгүшүн жана андан ары активдешүүсүн байланыштырарын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Малайзиянын Премьер-министри А.Ибрагим мырзанын Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарын уюштуруунун даярдыктарын, саясий диалогду активдештирүү, соода-экономикалык байланыштарды жана укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү боюнча, эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK