Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына карата

1328

А.Бекназаров

Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына карата

 

«Ар бир адам, өзү жашап жаткан мамлекетинин тарыхын анын саясый түзүлүшүн, мыйзамдарын, түпкүлүктүү элдин тарыхын, каада-салтын, маданиятын, тилин, динин билүүгө жана урматтоого милдеттүү»

А. Бекназаров: Мен кыргызмын китебинен.

 

 

Биринчи Бөлүм

БУЛАРДЫ АР БИР КЫРГЫЗ БИЛҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ

5 миң жылдык тарыхы бар, чыгышы азыркы Монголиянын батышынан тартып, батышы Урал тоолоруна, түштүгү Тибет, Теңир-Тоо, Ала-Тоо, Памир тоолоруна жана азыркы Кытайдын Синьзянь-Уйгур аймагына чейин созулган бүткүл Сибирди, Борбор Азияны камтыган кыргыз талаасы деген мейкиндикте көчүп-конуп жашап келген көчмөн-жоокер кыргыз эли, азыркы заманбап Кыргыз Республикасы деген көзкарандысыз мамлекеттүүлүгүн жарыялаганына, быйыл 2021-жылдын 31-августунда 30 жыл болот. Ошондогу төрөлгөн кыргыздар 30 жашка, ошондогу 30 жаштагылар 60 ка чыгышты. Башкасын айтпаганда да жок дегенде 30 жылдык эгемен доорубуздун ар бир кыргыз билүүгө милдетүү болгон мамлекетибизге, улутубузга анын тарыхына, жерине, келечегине байланыштуу нерселерди, бүгүнкү кыргыздар өзүбүз толук билебизби? Күмөнүм бар. Анткени аларды текши билгидей кылып, көзкарандысыз улуттук-мекенчилдик идеология саясатын, эгемен бийлигибиз 30 жыл ичинде жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүүнү, окутууну колго ала элек. Ал түгүл, көзкарандысыздык күнүн да эгемендүүлүктүн күнү деп, адашып майрамдап жүрөбүз. Мени айтты, айтпады дебегиле, быйыл да Бишкектин көчөлөрүндө, теле-радиолордо: «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен»- деген куттуктоо, көрнөк-жарнактары илинет, айтылат. Өзүбүз болсо, ата- бабалардын басып өткөн жолу камтылган санжыра, илимий тарых китептерин окубай, көчө деңгээлиндеги нерселерге алаксып, телефон-сотка карап, ашкере саясатташып, ааламдашып же дабатташып баратабыз.

Көзкарандысыздыктын 30 жылдык доорундагы ар бир кыргыз билүүгө милдеттүү тарыхый окуяларды, эске салаардан мурда, окурманды андан мурдагы кыргыздардын байыркы, орто жана жаңы доорго чейинки тарыхынын жана эгемен дооруна чейинки 130-140 жылдык орус, «киргиз» доорунун айрым тарыхый фактыларына чегинүүгө чакырбасам, көп нерсе 30 жашка чыгышкан жаңы кыргыздарга түшүнүксүз болгону турат. Себеби бул доордун тарыхын тарыхчыларыбыз орус жытынан толук тазалап бүтүшө элек. Анда кеттик…

 

1. Орус, «киргиз» дооруна чейинки кыргыздардын тарыхынан учкай сөз

 

Кыргыздын теги ким? Кимден тараган деген суроолорго Манас эпосундагы Манасты «түпкү атасы Огуз хан» - деп сүрөттөлүшү менен жооп берип, азыр өздөрүн ошол Огуз хандан таркаган элдер катары эсептешкен батышы Венгриядан тартып, чыгышы Алтайга чейин созулган аймактардагы ондогон түрктилдүү өлкөлөрдө жүздөгөн ар кандай аталыштагы элдер жашаары менен жооп бергим келет. Жогоруда кыргыздын 5 миң жылдык тарыхы бар дебедикби? Ошол оома-төкмө жоокерчилик замандарда Огуз хандын тукумдарынан болгон кыргыздардын: «Бирөө тентип Алайга, Бирөө кетти Кангайга, Бирөө тентип Эренге, Бирөө кетти Оролго…Бирөө түшүп кетти тереңге, Кен Кашкардын ар жагы, Кебез тоонун бер жагы, Бирөө ошол жерди жай кылды…» - деп чачыраганы жөнүндө да Манаста айтылат. Ошол мезгилдердеги кыргыздардын мамлекеттүүлүгү, анын аймагы, башкаруу жана мыйзам системасы, сот, армиясы болгонбу? Ооба болгон. Аны да Манас эпосу, Энесай, Байкөл, Алтай аймактарындагы таштагы жазуулар, ондогон илимий тарыхый эмгектер тастыктап турат. Мамлекеттүүлүгү ошол замандарга ылайык, туруктуу эмес, мезгилдүү болсо да, конкреттүү аймактарды ээлеген уруулардан түзүлгөн. Кыргыз уруулары бирдей тилде сүйлөгөн жана жамандык, жакшылыкта бирге туруп, бирдей адатты, каада-салтты, динди карманган. Жалпы кыргыздын башчысы: - ажо, улуу каган, хан деп аталып, алар ар кайсы аймактардагы уруулардын өкүлдөрү тарабынан, мезгил- мезгили менен улуу курултайда шайланып турган. Мамлекеттик түзүлүшү азыркы конфедерация түзүлүшүнө окшош болгон. Байыркы кыргыздардын аймагы жогоруда айтылган кыргыз талаасы деген мейкиндиктерге созулуп, бирде көбөйүп, бирде азайып турган. Кыргыздар уруу-уруу болуп жашаганы менен, саруу-кыргыз, саяк-кыргыз, солто-кыргыз, тейит кыргыз ж.б. болуп эч качан бөлүнбөгөн. Аксылык кыргыз, Алтайлык кыргыз, Алайлык кыргыз, Памирлик кыргыз, Тибеттик кыргыз, Кызыл-Суулук кыргыз, Анжияндык кыргыз, Эне-Сайлык кыргыз, Теңир-Тоолук кыргыз, Ала-Тоолук кыргыз, Таластык кыргыз ж.б. деп жердеген жерине жараша айтылган. Урууну уруудан чыккан акылман баатыр же манап башкарган. Согуш учурунда да оң канат, сол канат жана ичкилик деп уруулар өз туулары менен армияга тизилген. Жалпы армияны бүтүндөй ат мингенге, кылыч чапканга, жаа атканга жарактуу кыргыз эли түзгөн. Согуш болсо жоокер, тынчтык мезгилде дыйкан, малчы, аңчы, саанчы уста, ырчы ж.б. болушкан. Ошон үчүн кыргыздар – көчмөн - жоокер элдин тукумдары деп эсептелет. Мыйзамдын ролун жалпы кыргыз бирдей колдонгон адат аткарган. Адаттар жалпы улуттук курултайда өзгөрүлүп, такталып, иреетке келтирилип турган. Адаттарды ирээтке келтирүү максатында жалпы кыргыздардын курултайы азыркы Ысык-Ата районунун аймагында 17-кылымдын аягында өткөрүлгөнү боюнча тарыхта маалымат бар. Кыргыздын ынтымагын, биримдигин улуттук идеологиянын ролун аткарган каада-салттар бекемдеп турган. Адатты, каада-салтты бузгандар, негизинен айыпка, адам өлтүрсө кун төлөөгө жазаланышкан. Айрым кылмыштар үчүн, элден, журттан чыгарылган, айдалган. Кийинчерек исламдын кириши менен шарияттын айрым эрежелери жарандык, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды, чыр чатактарды чечүүдө колдонулган. Соттун ролун эл тарабынан шайланышкан бийлер, казылар аткарган. Жер, суу, жайыттар менчикке берилген эмес, жалпы уруунуку болгон. Негизги мал да уруунуку, ортодо болгон. Ушундай мамлекеттүүлүктүн белгилери кыргыздарда Орус Империясы аны толук басып алган 1890-жылдарга чейин сакталган.

 

2. Орусташтыруу же «киргиздештирүү» доору (18-19 к.к.)

 

Негизинен бул доордо Орус Империясы, Улуу Британия жана Кытайдын геосаясый кызыкчылыктары, Ыраакы Чыгыш, Сибирь, Борбордук Азия чөлкөмдөрүндө тогошуп, кыргыздар жашаган кыргыз талаасы бул үч өлкөнүн геосаясый «Чоң Оюнунун» чордонуна айланган. Бул «Чоң Оюнда» кыргыз талаасы негизинен Орус империясынын карамагында калып, Оруссиянын чыгыш, түштүк чек арасын кеңейтүүнүн кесепетинде, мурда бул мейкиндикте нечен кылым ээн, эркин көчмөндүк турмуш өткөрүп, кээде жеңилүүнүн ызасын, кээде улуу жеңишти аркалап, чоң-чоң каганатты, Улуу дөөлөттү түзө алган кыргыздардын өз ара байланышы биротоло үзүлгөн. Алгачкылардан болуп, Сибир, Эне-Сай, Саян, Алтай аймактарындагы кыргыздар христиан динине өткөрүлүп, Орус империясы түзгөн администрадивдик бирдиктерге, бөлүнүп жашоого аргасыз болушат. Тибеттик, Ак-Суулук, Кызыл-Суулук, Үч- Турпандык кыргыздар азыркы Кытай Эл Республикасынын карамагында калса, Памирлик кыргыздардын бир бөлүгү азыркы Афганистандын карамагында калышат. Ал эми Борбордук Азиядагы азыркы постсоветтик Республикалардын, анын ичинде Кыргызстандын аймагын Орус империясы 1855–1881-жылдар аралыгында толук басып алганга жетишкен. 1867-жылы борбору Ташкен шаары болгон Түркстан генерал-губерниясы түзүлгөн. Анын башчылыгына «жарым-падыша» аталган аскер генералы К.П. фон-Кауфман дайындалган. Бирок 1867-жылы кыргыздардын көпчүлүгү жашаган Кокон хандыгы Орустарга баш ийбеген. Ал 1876-жылы басылып алынып, анын ордуна Фергана областы түзүлгөн. Орус империясына каратылган Борбордук Азиядагы кыргыздар, Орус империясынын колониялдык саясатынын талаптарына ылайык Түркстан губерниясына баш ийген Фергана областына:-азыркы Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Токтогул райондору Наманган уездинин курамында: Анжиян уездинин курамында:- азыркы Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Озгон, Кара-Кулжа райондору:, Маргалан уездинин курамында,- азыркы Баткен районунун айрым жерлери, Ноокат районунун батыш бөлүгү:, Кокон уездинин курамында;- азыркы Кадамжай району, Баткен районун айрым жерлери, Чон-Алай аймагы, каратегиндик кыргыздар:, Ош уездинин курамында:- Кара-Суу району, Алай району, Араван району, Ноокат районунун чыгыш бөлүгү, Куршаб аймагы кирген. Ал эми Кожент уездинин курамында: - азыркы Лейлек району, Сүлүктү чөлкөмдөрү, Жизак, Сыр дарыя кыргыздары Самарканд областына каратылган. Олуя-Ата уездинин курамында (Азыркы Казахстандын Жамбыл областы) азыркы Талас областы толугу менен Сыр-Дарыя областында калган. Азыркы Чуй областы Суусамыр жайлоосу менен бирге Пишпек уездинин курамында, азыркы Ысык-Көл жана Нарын областарынын аймактары толугу менен Каракол уездинин курамында, борбору азыркы Алматы шаары болгон (Верный) Жети-Суу областына баш ийдирилген. Ошентип кыргыздын жерин эле басып албай, кыргызды толук орусташтыруу максатында, байыркы Александр Македонский, кийин Англиянын колониялдык саясатынын негизги принциби болгон «бөлүп сал да, бийлей бер» принциби Орус колонизаторлору тарабынан кыргыздарга карата атайын колдонулган. Борбордук Азияда жашаган кыргыздар, жогоруда көрсөтүлгөндөй Түркстан губерниясынын төрт областына чачыратып бөлүнгөн. Орусташтыруу же кыргызды «киргизге» айлантуу саясаты ар кандай ыкма, идеология менен СССР ыдыраган 1991-жылдын август айына чейин жүргүзүлүп келди. Бул мезгилдерде кыргыздын өзү эле «киргиз» атка конбой, каада-салттары бузулуп, жер-сууларынын аттары, тарыхы, башкаруу системасы да орусташтырылды. Адаттарыбыз орустун мыйзам, жоболору менен алмаштырылды. Уруулук башкаруу системасы, уездик, болуштук башкаруу системасына алмаштырылган. Буга чыдабаган айрым аймактардын кыргыздары убагында көтөрүлүшкө чыгышкан. Буга мисал катары, 1898- жылкы Анжиян кыргыздарынын жана 1916-жылкы башында Канат Ыбыке уулу (Канат хан) турган түндүк кыргыздарынын көтөрүлүшүн атасак жетиштүү болот. 1916-жылкы Үркүн деген ат менен белгилүү көтөрүлүштө Орус империясынын жиберген армиясы кыргызды тукумкурут кылып жок кылууну көздөшкөн. Үркүндөгү кыргындын кесепетинен кыргыздардын саны орто эсеп менен 200 минге азайган. Бирок бул арам максаттары Орус империясынын өзүнүн 1917-жылкы Улуу Октябрь революциясы тарабынан кулатылышы менен ишке ашкан эмес. Кокон хандыгынын ордосунда, Орус падышачылыгынын колониялдык саясатында, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн, хан ордого, Орус баскынчыларына кайсы бир деңгээлде каршылык көрсөтүшүп таасир этип турушкан, өзгөчө баатырлыгы, акылмандыгы менен эл оозунда, тарыхта калган инсандардын айрымдарын белгилей кетели. Алар: Нүсүп-бий, Алымбек датка, Алымкул аталык, Жаркынайым-ханайым, Курманжан датка, Абдылдабек, Полат хан, Боронбай- бий, Ормон хан, Балбай баатыр, Канат хан, ж.б.болушкан.

 

3.Орус же киргиз доорунун совет мезгили (1917-1991- ж.ж.)

 

Ушул доордо бийликте турушкан СССРдин Коммунисттик Партиясы кыргыздарды 1916-жылкы тукумкуруттан эле сактап калбай, азыркы Кыргыз Республикасынын аймагынын алкагында, кыргыздарга заманбап кеңеш (совет) формасындагы улуттук мамлекеттүүлүгүн да түзүп беришкен. Кыргыздар 1924-жылы Россиянын курамындагы автономиялык область, 1927-ж. Автономиялык Республика, 1936-жылы СССР дин курамындагы Союздук Республика - Кыргыз ССРи болуп түзүлгөн. Совет доорунда, кыргыздар улуттук принциптер менен өз мамлекеттүүлүгүн эле түзбөй, советтик идеологиянын чектеринде болсо да өзүнүн каада-салттарын, маданиятын, тарыхын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Кыргыздар жалпы дүйнөлүк адамзатынын маданиятына Манастай теңдеши жок эпосту, теңдеши жок алп манасчы гений Саякбайды, алп жазуучу Чыңгызды кошту. Кыргыз эли 70 жылдык совет доорунда, ЮНЕСКО нун маалыматына ылайык билимдүү деп эсептелген алдынкы 20 элдин катарына кирди. А.Осмонов, Б. Бейшеналиев, Б.Миңжылкыев, С.Чокморов, Т.Касымбеков Б.Шамшиев, Т.Океев сыяктуу ондогон искуство, маданият, ишмерлери, акын жазуучулар чыкты. Кыргыздардын саны бул мезгил ичинде, болжолдуу 700 минден 3,5 миллионго, Кыргызстандын жалпы калкынын саны 4,34 миллиондон ашкан. Совет доорунда кыргыздын улуттук мамлекеттүүлүгүн, улуттук маданиятын түптөөгө өзгөчө салым кошушкан: А. Орозбеков, А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, К. Тыныстанов, И. Арабаев, И. Разаков, сыяктуу тарыхый инсандарды биле журүү азыркы жаңы кыргыздардын милдети. Курамында Кыргыз ССРиндей 15 союздук республикалардан түзүлгөн, бирдиктүү совет эли бар, дуйнөдөгү эң чоң өлкө-СССРди ыдыратуу боюнча саясат, СССРдин эң башкы кызматына М.Горбачев келген 1985–1991-жылдары «СССРди кайра куруу» деген ураан менен жүргүзүлдү. Анын тушундагы СССР Жогорку Советинин курултайында (1989–1990-жылдары) СССРди суверендүү эркин Республикалардын Союзу кылып, кайра куруу маселелери эң жогорку деңгээлде ачык көтөрүлө баштайт. Бирок аны Москванын чечимин күтпөй эле алгач Прибалтика Республикаларынын парламенттери ишке ашырат. Мисалы 1990-жылдын 11-мартында Литва ССРинин парламенти Литванын толук эгеменлүүлүгү жөнүндөгү Декларацияны кабыл алышкан. Россия Федерациясынын парламенти 1990-жылдын 12-июнунда, Россияны СССРдин курамындагы Суверендүү өлкө деп жарыялаган. Кыргызстандын парламенти болсо эң акыркылардан болуп, СССРдин курамындагы суверендүү өлкө катары өз Декларациясын 1990-жылдын 15-декабрында кабыл алган. Суверендүүлүк парады ар бир Республикаларда өздөрүнүн президенттерин шайлоо менен коштолуп турган. Кыргызстандын 1-президенти болуп, А.Акаев 1990-жылдын 27-октябрында парламент тарабынан шайланган. Ар бир Республика Эгемендүүлүгүн жарыялап, президенттүү болгон соң, СССРди кайра куруу маселеси экинчи планда калып, Эгемендүү Республикалардын президенттери жана аларды колдошкон «демократтар» эми толук көз карандысыз өлкөлөргө айланууну көздөшкөн. Мисалы Прибалтика республикалары жана Грузия СССРди кайра куруудан дароо эле баш тартышкан. Калган Республикалар тарыхта ПУТЧ же ГКЧП деген ат менен калган 1991-жылдын 19–21-августарында Москвада болгон окуянын шылтоосу менен СССРди кайра куруу иштерин биротоло токтотууга аргасыз болушат. Алар эми анын ичинде Кыргызстан да, өздөрүн көзкарандысыз, өлкө деп жарыялоого мажбур болушкан. Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети ошондой Декларацияны, 1991-жылдын 31-августунда кабыл алган жана ушул күн - Кыргызстандын көзкарандысыздыгынын күнү - улуттук майрам күн - болуп бекитилген. Мамлекеттик көзкарандысыздыгыбыз кыргызга түбөлүк буйрусун! 1991-жылдын 8-декабрында, Россиянын, Украинанын, Белоруссиянын же үч славян элдеринин президенттери Белоруссияда Беловожский пуща деген жерде жолугушуп, көзкарандысыз үч славян Республикаларын жаңы шериктештигин жарыялашкан. Журтта калган күчүктөй болушкан айрым Республикалардын президенттери 1991-жылдын 21-декабрында Алматы шаарында ушул келишимге кошулууга аргасыз болушуп, СССРдин ордуна Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги- КМШ (СНГ)-түзүү жөнүндөгү Декларация кабыл алышкан. Ушул келишим, дүйнөдөгү бей-бечара, эмгекчи элдин мамлекети деп эсептелип 70 жыл жашаган, СССРдин расмий жоюлушун, анын ордуна 15 көзкарандысыз өлкөлөрдүн пайда болушун, де-юре жана де-факто тастыктаган эл аралык тарыхый документ болгон. Ошентип СССРди суверендүү өлкөлөрдүн союзу катары кайра куруу долбоору ишке ашпай, СССР биротоло жок болгон күн 1991-жылдын 21-декабры! КМШны түзүү келишимине Прибалтика республикалары жана Грузия башынан эле кол коюдан баш тартышкан СССРди жок кылуу саясатынын баары Москвада, СССРди түзгөн жана 70 жыл аны башкарып келген Коммунисттик партиянын төбөлдөрүнүн чыккынчылыгы менен жол берилип ишке ашырылган. Кыргыз эли, башка совет элдери да СССРди жок кылып, анын ордуна өздөрүнүн толук көзкарандысыз мамлекетин куруу үчүн, саясый күрөшкө чыккан эмес. Тескерисинче, 1991-жылдын 17-мартында СССРди сактап калуу боюнча өткөрүлгөн бүткүл союздук референдумга жалпы советтик элдин 79,9 пайызы катышып, 74,43 пайызы СССРдин сакталышын колдогон. Ал эми Кыргызстандын жалпы элинин 92,8 пайызы катышып анын 94,6 пайызы СССРдин сакталышын колдоп добуш берген. Бирок кыргыз элинин саясый күрөшсүз өзүнүн көзкарандысыз эгемендүү мамлекеттүүлүгүнө ээ болушу, 1916-жылкы тукумкуруттан кыргызды 1917-жылкы Октябрь Революциясы сактап калгандай эле, кыргызга асмандан жараткан жалгыздан түшкөн баасы жок ырыскы, байлык, дөөлөт десек туура болот. Кыргыздан саны көп нечендеген элдер, өз мекени жок же ага ээ боло албай ар кайсы өлкөлөрдө зар какшап жүрүшөт. Жараткан жалгыз бир кылым ичинде кыргызга эки жолу, боору ооруду, биринчисинде тукумкуруттан сактаса, экинчисинде кыргызга өз үйүн өзү каалагандай кайра курууга, алдыга заманбап өнугүүгө жол ачып берди. Эмки сөз эгемендиктин 30 жылында кыргыз эли өз үйүн кандай курду жана курганы жатат, ошол тууралуу болсун!

 

Экинчи Бөлүм

ЭГЕМЕНДИКТИН 30 ЖЫЛЫНДА КЫРГЫЗСТАН ЭМНЕГЕ ЖЕТИШТИ, ЭМНЕНИ ЖОГОТТУ

 

1. ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

1) Тышкы саясатта

 

Өлкөнүн тышкы саясаты, ички саясатынын уландысы демекчи, Кыргызстан өзүнүн көзкарандысыздыгын жарыялаган соң, аны бүткүл дүйнө жүзү боюнча таанытуу иши мыйзам ченемдүү приоритеттүү саясаттардан болгон. Ошондой расмий тышкы саясат, жогоруда айтылган 1991-жылдын 21-декабрындагы КМШнын түзүлгөндүгү тууралуу Алма-Ата Декларациясы жарыялангандан кийин активдүү жүргүзүлөт. Анткени бул Декларациянын саясый тарыхый мааниси ушунда: биринчиден ал СССРдин жоюлгандыгын расмий тастыктаган саясый документ. Ушундан кийин СССРдин биринчи жана акыркы президенти М.Горбачев 1991-жылдын 25-декабрында «өз миссиясын» аткарган адам катары өзүнүн отставкасын жарыялап, жалпы союздук бийликтин бүткөндүгүн таанууга жана жарыялоого мажбур болгон. Экинчиден СССРдин ордуна эми мамлекет түрүндөгү эмес, жаңы түзүлгөн көз карандысыз мамлекеттердин мындан аркы өз ара кызматташуусу боюнча шериктештик же саясый мүнөздөгү эл аралык уюм түрүндөгү КМШ жарыяланат. Үчүнчүдөн бул Декларацияга кол коюу менен мурдагы СССРдин курамындагы республикалар бирин- бири көзкарандысыз мамлекет катары да өз ара таанышканында турат. Төртүнчүдөн, кийин КМШнын курамынан айрым республикалар расмий чыгып же анын ишине катышпай жатышканы менен да далилденет.

Ошол Алматы Декларациясынан кийин Кыргызстанды көзкарандысыз мамлекет катары биринчилерден болуп Турция, АКШ, Россия, Кытай жана башка мамлекеттер тааный тургандыгын расмий жарыялашат. 1992-жылдын 1-февралында Кыргызстанда биринчилерден болуп АКШ өзүнүн элчилигин ачса, Турция 28-февралда ачкан. Андан соң Кытай, Россия, Германия жана башка мамлекеттер ачышкан. 30 жылдык эгемен доорунда Кыргызстандын көзкарандысыздыгын дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери таанып, 165 мамлекет менен Кыргызстандын дипломатиялык өз ара мамилелери түзүлгөн. Азыр Кыргызстанда 25 мамлекеттин элчилиги же өкүлчүлүгү иштесе, 29 өлкөдө Кыргызстандын элчиликтери же өкүлчүлүктөрү иштеп жатат.

1992-жылдын 2-мартында Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (ООН) мүчөсү катары кабыл алынган. Ушул эле жылы Кыргызстан ЮНЕСКОнун мүчөсү болгон. 30 жыл ичинде Кыргызстан 92 эл аралык уюмдун мүчөсү болду, аларга: Европа коопсуздугу боюнча кызматташуу уюму (ОБСЕ), Ислам Кызматташуу Уюму (ОИС), Дүйнөлүк соода уюму (ВТО), Шанхай Кызматташуу Уюму (ШОС), ж.б. кирет. Ошондой эле Дүйнөлүк валюталык фонд (МВФ), Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа өнүктүрүү банкы сыяктуу авторитеттүү эл аралык каржы уюмдары менен тыгыз байланышта.

Эгемендиктин 30 жылдык мезгилинде, жогоруда көрсөтүлгөндөй кыргыз элинин дүйнөнүн башка элдери менен, тең ата камыр-жумур аралашып жатканы сөзсүз түрдө улуу жетишкендиктерге кирет.

 

2) Демократия жана сөз, ой эркиндиги

 

Эгемен доорундагы Кыргызстандын экономикасынын араң жандыгы, өлкөдөгү саясый-экономикалык абалдын туруксуздугу жөнүндө ички жана тышкы сын-пикир болгондо биз кыргыздар саясатта аркы өйүз, берки өйүз экенибизге карабай баарыбыз, «бизде демократия жана сөз, ой эркиндиги бар»- деп актанып жүрөбүз. Ал акыркы мезгилдерде эл аралык деңгээлдерде да айтыла баштады. Чындыгында эле эгемен доорунда Кыргызстанда түптөлгөн демократия менен сөз, ой эркиндиктери көптөгөн постсоветтик республикаларга караганда салыштырмалуу мактана турган деңгээлде десек болот. Мындай көрүнүш көптөгөн эл аралык уюмдар тарабынан да ар дайым белгиленет. Эгерде коңшу жана башка айрым постсоветтик Республикалардын президенттери өз ордунда көзү өткөнчө же басалбай калганча олтуруп, анан өзүнүн ордун түздөн-түз мураскоруна, же өзү аныктаган адамга өткөрүп берүү калыптанса, бизде Кыргызстанда президенттер Конституцияда көрсөтүлгөн жана бекитилген тартипте, мөөнөттө кызматка келип кетери артка кайткыс болуп биротоло калыптанды. Эч ким көзү өткөнчө, же баспай калганча президент болуп олтуруп, анан ордун мурастап кете албайт. Салыштырмалуу түрдө Кыргызстанда гана президенттен тартып кимди болбосун, ачыктан-ачык сындай алат. Ал түгүл Кыргызстандагы демократия анархияга, сөз, ой эркиндиги «айткан сөзүмө эч качан жооп бербейм» стадиясына өтүп бараткандыгы да байкалат. Демократия, сөз, ой эркиндигиндеги биз мактанып жазып жаткан жетишкендик, 30 жыл ичинде Кыргызстанды бир үй-бүлөнүн мамлекетине айланткысы келишкен президенттерге каршы чыгышкан элдик күрөштүн жемиши. Аны кайсы бир президент орноткон жок.

 

3) Кыргыз эли өзүн-өзү дүйнөгө тааныткан элге айланды

 

Тунгуч президент Акаевдин анын жолун жолдошкон калгандарынын Кыргызстанда үй-бүлөөлүк башкаруунун ар кандай түрүндө авторитаризмди орнотуу аракеттери ишке ашпады. Элдин үч жолку (2005-ж. март, 2010-ж. апрель, 2020-ж. октябрь) үй-бүлөөлүк башкарууга, адилетсиздикке, каршы толкундоосу ага жол бербеди. Азыркы Кыргызстандагы демократия менен сөз, ой эркиндиктерин бекем орнотуу үчүн, керек болсо канын, жанын аябай ар кандай диктатурага каршы туралган, жан дүйнөсүндө кулчулук сезими жок, тоо бүркүтүндөй эркин эл экенин кыргыздар 30 жылда үч жолу көрсөтө алды. Кыргыздардын үч жолку күрөшүнүн маңызын андап билгендер «бали кыргыз», «жаша кыргыз», «жүз кыргызым болсочу» - деп тамшанышты, кыргызга таң берди. Түшүнбөгөн түркөйлөр «тополоң эл», «хулиганчылык», «мастар», «бандиттер» демиш болуп жүрүшөт. Ошентип совет доорунда «белгисиз эл» атанган кыргыздар 30 жылда өзүн-өзү эркин эл экенин оң жагынан тааныткан элге айландык. Ылайым кыргыз элиме өздөрү орноткон демократиясы- эркиндиги, ынтымагы, биримдиги менен бирге түбөлүк буюрсун!

 

4) Калкынын саны

 

Кыргызстандын калкынын саны, 2021-жылга карата 30 жылда 33 пайызга көбөйгөнү сүйүнө турган көрүнүш. Эгерде 1990-жылы Кыргызстандын калкынын жалпы саны 4 342 621 киши болсо, 2021- жылга карата 6 640 968 кишиге жеткен. Анын 73,8 пайызын кыргыздар, 14,9 пайызын өзбектер, 5,2 пайызын орустар, калганын 100гө жакын ар кандай элдер түзүп, Кыргызстан көп улуттуу өлкө катары эсептелет.

 

5) Илим, билим, спорт, маданият, искусство, жана кесипкөйлүк абалы

 

Эгерде 70 жылдык совет мезгилинде кыргыздар негизинен «ата кесиби» делинип, көбүнчө мал чарба тармагында эмгектенишсе, эгемендиктин 30 жылдык кыска мезгилинде, дыйканчылык, соода, тамак-аш жана башка калкка кызмат көрсөтүү тармактарында эмгектенген кыргыздардын саны кескин өстү. Азыр кыргыздар иштебеген бир да тармак жок. Бүгүн Кыргызстанга келген кандай гана адам болбосун заманбап кыргыздын улуттук кухнясы менен катар дүйнөнүн башка элдеринин кухнясын кыйналбай таба алат. Т.Эгембердиев негиздеген «Шоро» компаниясы таза сүт азыктарынан жасалган кыргыздын улуттук ичимдиктерин заманбап даярдап сатып, дүйнөгө тарата алса, А.Салымбеков негиздеген Дордой соода базары Борбордук Азиядагы эң чоң жана эң арзан базар катары бүткүл постсоветтик элдерге белгилүү. Кыргыздын улуттук менталитетине жараша заманбап курулган чайхана, тойканаларды, мечит, көк бөрү тартчу аянтчаларды Бишкек, Ош шаардарында эле эмес ар бир райондо, айылда жолуктурасын. Кыргыздар билим алуу, өнөр үйрөнүү жагынан, турмуштун тартыштыгына, мамлекеттик колдоонун жоктугуна карабай өз заманынан артта калбай мурда негизинен Россиянын борбордук окуу жайларынан гана билим, өнөр алышса, эгемендиктин мезгилинде Европанын, АКШнын, Кытайдын, Япониянын, Кореянын, Малайзиянын, айрыкча Түркиянын жогорку окуу жайларынан билим алып жатканы сүйүндүрбөй койбойт. Илим, билим, спорт, искуство, көркөм өнөргө мамлекетибиз жетиштүү түрдө көмөк көрсөтө албаса да, кыргыздын Көк бөрү, Алыш сыяктуу улуттук оюндары эл аралык деңгээлге көтөрүлүп жатат. «Курманжан датка», сыяктуу кино тасмаларыбыз дүйнө фестивалдарында байгелүү орундарды алышты. Эгемендүүлүктүн алгач жылдарында Д.Садырбаев, Ш.Дүйшеев, эл ырчысы аталган С.Момбеков сыяктуу эл адамдары кыргызды кайдигерликтен ойготууга чоң салым кошушту. Акындар О.Султанов, Ш.Дүйшеев, А.Өмүрканов, Б.Карагулова ж.б. артынан чыгышкан З.Ажыматов, А.Исмаилов (маркумдар)., М. Самыйкожо., А.Аяпова, Д.Каримов, А.Ахматов, А.Капалова, А.Кубанычбеков, Р.Изатова, А.Бакирова, Б.Жамгырчиев сыяктуу жаш заманбап акын, жазуучуларыбыз чыгышты. Саякбай менен Сагынбайдын жолун улантышкан Т.Бакчиев, Р.Исаков, З.Баялиев сыяктуу ондогон манасчылар чыгышты. «Камбаркан» улуттук - фольклордук ансамблинин жолун жолдошкон «Ордо Сахна», «Доор», «Устат Шакирт» ж.б. ансамблдер жаралды. Эгемендик мезгилинде кыргыз тарыхын орус жана советтик идеология жытынан арылтууга тарыхчылар: Т.Кененсариев Т.Өмүрбеков (маркумдар), өз салымдарын кошуп кетишсе, А.Осмонов, Т.Чоротегин, К.Молдокасымов, Б.Абытов сыяктуу тарыхчыларыбыз чоң салымдарын кошууда. Дүйнөгө белгилүү хирург-ортопед С.Жумабеков, режиссёрлор Э.Абдыжапаров, С.Шер-Нияз, Э.Асаналиев, Р.Осмоналиев кыргыздын атын чыгарып ондогон өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын, фестивадардын сыйлык наамдарына ээ болушту. Аттары дүйнөгө даңазаланып жаткан дүйнөнүн жана Азиянын чемпиондору, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү В.Шевченко, А.Тыныбекова, А.Аманбеков, Н.Рустембек уулу, К.Аббасов, А.Махмудов, К.Бегалиев, М.Жуманазарова ж.б. ондогон спортсмендерибиз чыкты. Токтогулдун жолун жолдошкон төкмө акындар: Э.Иманалиев, М.Керим кызы (маркумдар), жаш акындар: А.Туткучев, Ж.Жумакадыр, А.Болгонбаев сыяктуу ондогон төкмөлөрүбүз жана С.Садыкова, К.Турапов, Б.Борбиев, Омар, Г.Калыков, М.Атабеков, А.Cманов, А.Сыдыков, Ж.Дурусалиев, Н.Азыкбаева, Э.Самарбекова, Р.Жумабеков, З.Дүйшенбек уулу, Ч.Мелисбеков, С.Каримова, Н.Насип сыяктуу ырчы музыкантарыбыз кыргыздын желегин желбиретишип, маданият менен искуствосун даңазалап жатышат. Сөз эркиндигинин пионерлери катары Азаттык радиосу, анын ондогон журналистери, З.Сыдыкова, Б.Назаралиев, Р.Приживойт, Ч.Абыкеев ж.б эсептесек, алардын жолун жолдошкон Н.Анаркулов, А.Сартбаев, Г.Шерипбаева, А.Токтакунов сыяктуу курч журналистер 4-бийликтин көркүн чыгарышууда.

 

6) Бизнес, ишкер чөйрөсүндө

 

Көзкарандысыздык менен бирге, мурдагы жогортодон түшүрүлгөн буюртма пландуу экономикадан баш тартылып, эркин рынок экономикасына багыт аларыбыз да кошо жарыяланган. Мамлекетибиз рынок экономикасын элибиз сүйүнгүдөй жолго коё албаса да, мамлекеттин, элдин байлыгына колун салбай өз мээнеттери менен Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошуп жатышкан постсоветтик деңгээлдеги бизнесмен, ишкерлерибиз жок эмес. Алардын эң белгилүүлөрүн атай кетели: Ө.Бабанов, А.Салымбеков, маркум Т.Эгембердиев, Ш.Абдыкеримов, К. Жүзүмалиева ж. б.

 

7) Саясый партиялар, саясый коомдук кыймылдар

 

Тарыхта толук аныкталбаган, талаштуу бирок Сталиндик репрессияга кабылгандарга негизги айып катары тагылган документтерге таянсак, Совет мезгилинин алгачкы жылдарында (1917–1937-ж.ж.) Кыргызстанда Алаш жана Туран саясый партиялары аракеттенгени боюнча маалыматтар бар. Башка саясый партиялар, кыймылдар жөнүндө, расмий маалыматтар жок. 1990-жылга чейин Кыргызстанда бийликтин жана элдин партиясы атанган Коммунисттик партия, жана профсоюз, комсомол уюмдары гана болгон. Эгемендиктин 30 жыл ичинде, же 2021-жылга карата саясый партиялардын саны 264 жетип, 3 миңден ашык ар кандай саясый-коомдук кыймылдар, жарандык коомдор катталган. Элдин саясый жактан өсүшүнө, демократиянын, сөз эркиндигинин Кыргызстанда бекем орношуна, калыптанышына саясый партиялардын, кыймылдардын, жарандык коомдордун, эркин прессанын ролу ат көтөргүс экенин белгилөөгө милдеттүүмүн. Мисалы 1990-жылдын аягында, башында А.Масалиев турган компартияны бийликтен кетиргенге 1990-жылдын 26-майында түзүлгөн Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК), 2005-жылы март революциясынын жеңиши менен Акаевдин үй-бүлөөлүк бийлигинин кулашына Кыргызстан Элдик Кыймылынын (КЭК), 2010-жылкы апрель ыңкылабынын жеңиши менен Бакиевдин үй-бүлөөлүк башкаруусу кулашына Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) салымдары өтө чоң. Эгемендиктин доорунда түзүлгөн алгачкы саясый партиялар: Эркин Кыргызстан демократиялык партиясы, (ЭРК) Асаба улуттук кайра жаралуу партиясы, Ата-Мекен либералдык партиясы болуп эсептелинет. Булар негизинен КДКнын курамынан өз алдынча саясый партия катары бөлүнүп чыгышкан, көз караштары идеялык жактан туура келишкен адамдардын тобу тарабынан түзүлгөн партиялар болгон. Партиялардын аттары көрсөтүп тургандай, бири демократияны, экинчиси улуттук кайра жаралууну, үчүнчүсү ошол кезде мода болуп жаткан батыштын либерализмин жакташкандар түзгөн партиялар болушкан. Партиялардын жеке ээси болгон эмес. Менчик жана бийликтин үй-бүлөөлүк партиялары1994-жылдардан кийин түзүлө баштаган.

 

 

 

8). Жарандык, бейөкмөттүк уюмдар.

 

Кыргызстанда демократиянын, сөз эркиндигинин калыптанышына, адам укугунун сакталышына бейөкмөттүк уюмдардын, жарандык активистердин кошкон салымын да белгилеп жүрүшүбүз керек. Азыркы Кыргызстан эң кучтүү жарандык коому бар өлкө болуп да эсептелет. Эгемендиктин 30 жылдык мезгилинде 3500 бейөкмөттүк уюм катталганы белгилүү. Алар негизинен адам укугу, сөз эркиндиги, улуттук азчылыктын укуктары, аялдардын укуктары ж.б. социалдык, маданий чөйрөлөрдө, активдүү иш жүргүзүшүүдө. Эгемен Кыргызстанда Н.Аблова, Т.Акун, Р.Дырылдаев, Э.Байсалов, Т.Исмаилова, А.Абдрасулова, Ч.Джакупова, Д.Аширахунова, А.Сасыкбаева, Р.Карасартова, сыяктуу ондогон эл аралык деңгээлдерде иш алып барышкан жарандык коомдун активистери чыгышты.

 

9) Аялдардын коомдогу ролу

 

Кыргыз аялдары илгертеден эркектерден кем калышпай, ички жана тышкы маселелерде чоң роль ойноп келгени тарыхтан белгилүү. Кыз Сайкал, Кыз Куялы, Жаңыл Мырза сыяктуу батырлар эрдиги менен элин сакташса, Манастын Манас болушуна Каникейдин ролу өтө чоң экени белгилүү. Кокон ордосунда Жаркынайым-ханайымдын ролу чоң болсо, Орус империясы менен Алайлык кыргыздардын өз ара алакасы түзүлүшүнө, Алай ханышасы аталган Курманжан Датканын эмгеги тарыхта калды. Совет мезгилинде да У.Салиева, З.Кайназарова, Б.Бейшеналиева, академик Б.Орузбаева, Г.Кондучалова, Г.Момуновага окшогон ондогон эмгектин, маданияттын, илимдин мыктылары, советтик мамлекеттик, ишмерлер чыккан. Ушул традицияны улантып эгемен доордо кыргыз кыздарынан арасынан Кыргызстандын президенти, (Р.Отунбаева), Конституциялык Соттун төрайымдары (Ч.Баекова, К.Сыдыкова), Жогорку Соттун төрайымдары (Ф.Жамашева, А.Токбаева, Г.Калиева, Н.Бакирова), Башкы прокурорлор, (Ч.Баекова, А.Салянова), жана башка ондогон вице-спикер, вице-премьер, министрлер, дипломаттар чыгышты. Эркектер менен альтернативдүү шайлоодо жеңүүчү болушкан ондогон депутаттар чыккан. Күрөш боюнча дүйнөнүн чемпиондору А.Тыныбекова, Олимпияданын призеру М.Жуманазаровага окшогон балбан кыздарыбыз бар. 2007-жылдан берки ЖКнын депутаттарын тандоо саясый партияларга берилип, ошондон бери үй-бүлөлүк парламент түзүү жана айрым арамза саясатчылардын жеке арам кызыкчылыктары менен, аялдарга атайын квото белгиленип, кыргыз кыздарынын илгертеден эркектерден эч качан калышпаган тең укуктуулугу, баатырлык менталитети аброю тепселенип басмырланып, кыздарыбыздын «мыктылары» партия ээлери тарабынан тандалып калды. Бул өкүнүчтүү көрүнүш убактылуу жаңылыштык деп ойлойм. Постсоветтик өлкөлөрдө эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө кыргыз кыздарындай болуп, мейли эмгекте, спортто, маданият-искусстводо, саясатта, мамлекеттик эң жогорку кызматтарда жүрүшкөн кыздары менен сыймыктана турган элдер, өлкөлөр жокко эсе. Биз кыргыздар кыздарыбыз менен сыймыктанышыбыз керек!

 

10) Кыргызстандын администрадивдик-аймактык түзүлүшү

 

Убагында Туркестан губерниясынын төрт областына бөлүнүп чачылган кыргыз эли, Совет доорунан бери унитардык бир бүтүн Кыргызстан деген өз үйүнүн ээси. Азыркы Кыргызстан 7 областан, 40 райондон, 453 айыл аймагынан турат.

Кыргызстанда эки республикалык, (Бишкек, Ош), 12 областык, 17 райондук маанидеги шаар, 9 шаар тибиндеги поселка, 1941 эл жашаган айыл бар.

 

2. ЖОГОТКОНДОРУБУЗ…

 

Советтик Кыргызстан 70 жылда жеңил жана башка өнөр жайлуу, агрардык сектору өннүккөн Республика болгон. Элибиз негизинен мыкты заманбап жабдылган эки-үч смен менен иштеген ондогон завод, фабрика, комбинаттарда, мал чарбасында, пахта, тамеки, дан, жер-жемиш, мөмө- жемиш, ал эми бир катар токой чарбадарында жаңгак, мисте, бал өндүрүү менен эмгектенишкен. Жумушсуздук деген болгон эмес. Эгемендүүлүгүбүз жарыяланган 1991-жылга карата Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү башка союздук республикаларга караганда салыштырмалуу бир топ алдыда болгон. 1989-жылы октябрь айында Ош, Чуй областтарында Орто Азия Республикаларынын ошондогу башчылары: И.Каримов (Өзбекстан), Н.Назарбаев (Казахстан), С.Ниязов (Туркменстан), К.Маккамов (Таджикстан), алардын областарынын жетекчилери, ошол кездеги СССРдин төбөлдөрүнүн бири, КПСС БКнын катчысы Е.Лигачевдин катышуусунда, Кыргызстандын агросекторундагы жетишкендиктерди башка республикаларга жайылтуу максатында жалпы союздук семинар-көргөзмөлөр өткөрүлгөнү муну далилдейт. Ошондогу Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы А.Жумагулов, 1990-жылдын декабрь айында кызматынан кетирилип, кайра 1993-жылдын декабрь айында кайрадан Өкмөт башчы болуп келгенде Кыргызстандын үч жылда кыйраган экономикасын көрүп, минтип жазган: «мне пришлось решать иную задачу - как выжить! В результате реформ, осуществлявшихся с помощью Запада в 1991–1993-годах в стране начались процессы, повлекшие за собой глубокие негативные изменения в экономике и в общественном устройстве…».

 

1) Өнөр жайы

 

Бирок өзү экинчи жолу жетектеген 1993-1997-жылдардагы Кыргыз Өкмөтү деле ошол эле Дүйнөлүк Банк менен Эл аралык валюталык фондун жетекчилигинде үч жылдык программа кабыл алып, батыш таңуулаган PESAC программасынынын алкагында бүтүндөй өнөр жай сектору «дикий» приватизацияга кабылган. Азыр 30ка чыккан кыргыз, 60ка чыккан атасынан азыркы «Азия-мол» магазинин ордунда «Инструментальщик» деген спорт комплекси болгонун, Бишкекте үч смен менен миңдеген жумушчулар иштеген Ленин, Фрунзе заводдору, Эт, Ун комбинаттары,Тигүү фабрикалары иштеген десе, муну жомок катары кабыл алат. Анткени, алар бүгүн түп орду менен жок. Алардын ордуна рынок экономикасына ылайыкташтырылган жаңы ишканалар кайра түзүлбөдү. Бишкектин так ортосунда көп жылдардан бери иштебей турган Нарын рестораны болгону 25 миң долларга, «Боз жорго» деген дагы бир чоң ресторан 44 сомго сатылган десе да ишенбейт! «Прихватизация», менчиктештирүү реформаларын президент Акаев өзү жеке чечкен жана ал тууралуу 1991-жылдын 28-июнунда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга ачык айткан жана ошол сөзүнө туруп, тар чөйрөсү менен аны ишке ашырган.

 

2) Айыл чарбасы

 

Кыргызстандын айыл чарбасы да, КРнын Жогорку Кеңеши же КРнын Өкмөтүнүн чечими менен эмес, чет элдик донор уюмдарынын шарттарына ылайык, КРнын президентинин Жарлыктары менен жеке менчиктерге таркатылган. Мисалы 1991-1994-ж.ж. 504 колхоз-совхоз жоюлган,12 млн го жакын кой-эчкинин саны 5,1 млн го, уйдун саны 1,2 млн дон 0,9 млн го, жылкы 445 миңден 300 миңге,15 млн канаттуулар 2,2 млн го кыскарат. 1994-ж. 22-февралындагы КРнын Указы менен айыл чарба жерлери дыйкандарга 49 жылга бекер таркатылганы менен, айрым дыйкандар ондогон га жерге айрым депутаттар же чиновниктер жүздөгөн га жерлерге ээ болушса тоолуу райондордун дыйкандары бир сотыхка чейин гана суулуу жер үлүшкө ээ болушкан. Мисалы Аксы районун тоолуу айыл аймактарында жашаган төрт адамга бир сотых суулуу айдоо жери үлүшкө тийип, президенттин ошол Жарлыгына ылайык алар дагы жумуш менен камсыз болгон адам болуп эсептелген.

 

3) Элдин байлыгын, кен-байлыктарды, кредиттерди, каражаттарды, талап тоноолор

 

Кыргыз бийлигинин «дикий» менчиктештирүү жана приватташтыруу саясаттарынан завод-фабрика, колхоз-совхоздордун мүлктөрү эле чачылып тонолбой, реформа үчүн, чет элдик донорлордон жана эл аралык донор уюмдарынан алынган жүздөгөн миллиондогон акча каражаттары жана мамлекеттик акчалар жеке ишкерлерге жана дыйкандарга делинип, Акаевдин тар чөйрөсү тарабынан эч кандай көзөмөлсүз каалагандай чачылган. КРнын Жогорку Кеңешинин архивинде сакталган документтерге, фактыларга таянып «разбазариваниянын» айрымдарын жаштарыбызга мисал кылып айта кетели. 1991–1992-жылдары элдин байлыгы болгон тоо-кен тармагын иштетүү, ага инвестор тартуу укугу, ага чейин өндүрүлгөн алтындарды пайдалануу, КРнын президенти Акаевдин 1992-ж. 13-октябрындагы № УП 340, атайын жарлыгы менен «Сиабеко-Кыргызстан» мамлекеттик жана менчик корпорациясы түзүлүп иш-жүзүндө чет элдик «Сиабеко» компаниясына берилген. Ошентип Кыргызстандын кен-байлыктарда эч кандай үлүшү болбой калган. Ага башкасын айтпаганда да, кылымдын коррупциясы деп аталып, ушул чакта анын чыры чокусуна жетип турган, Кумтөр алтын кенин мисал катары атасак жетиштүү болот. 1992-жылдын аягында ошол эле «Сиабеконун» ээси Б.Бирштейндин менчик самолету менен «Макмалдан» өндүрүлгөн 2 тн жакын алтыныбыз контрабандалык жол менен Цюрих шаарындагы учредителдери Б.Бирштейн жана ошол кездеги Кыргызстандын Өкмөт башчысы Т.Чынгышев болгон «Вико» компаниясы тарабынан афинаж үчүн ташылып кетип, парламенттик комиссия ачыкка чыгарганга чейин 13 ай аталган компаниянын карамагында пайдаланылган. 1986-1991-жылга чейин Макмалда өндүрүлгөн 14,5 тн. алтын Россиядан афинаждан өткөрүлгөндөн кийин, белгисиз себептер менен Кыргызстанга алып келинбеген. 1991-1996-жылдар аралыгында, бюджеттик кредиттердин көпчүлүк бөлүгү бир гана президенттин айланасындагы тар чөйрөнүн аныктоосу боюнча аныкталган коммерциялык фирмаларга, жеке адамдарга берилип, кайтарымы 53 пайыз гана болгон. Мисалы президенттин Жарлыгы менен айыл чарбасына бөлүнгөн 652,9 млн сомдун 60 миллиону «Дыйкан Ордо» ассоциациясына берилип, анын 24 миллиону белгисиз жакка иштетилген.

Ошол кездеги Улуттук Банктын төрагасы жана Каржы министри болуп иштеген К.Нанаевдин жакындарына 1 млн доллар нак кредит берилген. Өкмөт башчынын биринчи орун басары Г.Кузнецовдун чечими менен 1,5 млрд сом Россиянын Ставрополь шаарына чыгарылса, дагы бир биринчи вице-премьер Иордандын чечими менен 4,5 миң тонна пахта алдын ала төлөмүсүз бартерге Россияга чыгарылып кеткен. Бишкектеги «Зенит», «Ак-Куу», «Миң түркүн» сыяктуу ири соода түйүндөрү, Сары-Челек сыяктуу мейманканалар ЖКнын айрым депутаттарына болбогон акчага сатылган. Ошол жылдары Кыргызстанда жайгашкан СССРдин аскер күчтөрүнүн техникалары, Кыргызстандын юрисдикциясына өткөнүнө карабай, Өкмөттөгү башаламандыктан пайдаланылып чет жактарга чыгарылып же сатылып кеткен. Мисалы 1992-жылы 30-декабрда вице президент Кулов түзгөн «Канат деловой долбоору» менен Таджикстан үчүн Россиянын Алекс фирмасына: эки Т-72 Танкы,12 даана БМП, АКМ-76,2 маркасындагы 150 автомат 280 миң даана огу менен сатылса, КРнын депутаты, генерал Белодски тарабынан М-39 маркасындагы 59 самолет Россияга чыгарылып, бир нече вертолёт чыгарылганы жатканда токтотулган. Мамлекеттик мүлк фонду өзүнчө чарба эсептеги уюмга айланып, бир жылда 16 коммерциялык уюмга 14 млн сом мамлекеттик каражат процентке берилген. Ал эми милдеттүү төлөнүүчү салыктан, жана башка төлөмдөрдөн ишканаларды, коммерциялык уюмдарды, жеке ишкерлерди мыйзамсыз бошотуу Өкмөт башчыдан, Салык инспекциясынын башчысына чейин өнөкөткө айланган. Мисалы Өкмөт башчы Чынгышевдин буйругу менен Госкоминвест 25500 сом жана 12 600 доллар төлөмдөн бошотулса, анын 1-орун басары «Кыргызинтурист» АКсы менен «Тяжэлектромаш» заводун 280 000 сомдук штрафтан, Салык инспекциясынын башчысы «Дастан» АКсын 199 000 сомдук штрафтан бошоткон. Булар ошол кездеги «бардактын» айрым гана фактылары.

Мамлекеттик башкаруудагы ушундай көрүнүш, бүтүндөй Кыргызстанда орун алган.1994–1997-жылдын июль аралыгында мамлекеттик мүлктөрдү, акча каражаттарын уурдаган жана башка экономикалык кылмыштар менен Кыргызстандын ар кандай тепкичтеги 173 депутатына, анын ичинде 11 Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иш козголгон. Бирок Жогорку Кеңештин бир дагы депутаты кол тийбестик укугу алынбагандыктан камалган эмес.

 

 

 

 

 

 

 

Үчүнчү Бөлүм

ЭГЕМЕНДИК ДООРДОГУ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР.

1. Аксы окуясы

Эгемен Кыргызстандын тарыхый окуяларынын эң кайгылуусу да, тарыхта кара жана ак тамга менен жазылып кала турганы да 2002-жылдын

17-18-марттарында Аксы районунда болгон каргашалуу кандуу окуя болуп эсептелет. Муну мен ошол окуянын себепчилеринин бири болгонум үчүн айтып жатканым жок. Аксы окуясы ар кандай деңгээлдерде ар тараптуу изилденгени менен, саясый боёгу жок, нукура тарыхый-илимий жактан толук изилдене элек. Иликтөөлөр, бүтүмдөр негизинен саясый-укуктук жагынан чыгарылган. Аксы окуясынын саясый маанилүүгү, өзгөчөлүгү ал бийлик же байлык талашуудан, чыккан эмес, ал кылымдардан бери кыргыз жери деп эсептелинип, көздүн карегиндей сакталып келген Үзөнгү-Кууш дарыяларынын куймалары эч себепсиз эле Кыргыз бийлиги тарабынан оболу «талаш» жер участогу катары таанылып, анан Кытай эл Республикасы менен жашыруун бөлүштүрүлгөнү үчүн келип чыкканында жатат. Азыркы жаштарга жеткириш үчүн жалпак тил менен айтканда, кол тийгис деген кыргыз аймагы орточо бир райондун аймагындай азайып, Үзөнгү-Кууш чек ара заставасы ичкери көздөй болжолдуу 60 км Карасай заставасына чегинип көчүрүлгөн. Муну Акаев башында турган бийлик элден жашыруун жүргүзгөн. Аксынын депутаты А.Бекназаров өзүнүн депутаттык милдетин аткарып, муну парламентте көтөрүп чыккандыгы үчүн куугунтукка алынып камакка алынган. Өздөрү шайлаган депутатынын укугун коргоо үчүн, райондун борборуна тынчтык пикетине баратышкан эл бийликтин ок атуусуна кабылып 6 адам шейит болгон. Ушул окуядан кийин илгертеден баатыр Аксы эли Акаевди кызматтан кетирүү күрөшүнө чыгышып, «Акаев, акаевшина кетсин» деген ураан менен Ошко, Бишкекке чейин жоо жүрүштөрдү, ондогон курултайларды өткөрүп, Аксы жергеси Акаевшинага каршы курөштун эпидцентрине айланган. Кыргызстандагы бүткүл оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирип, акыры 2005-жылдын 24-мартында Акаевди өлкөдөн качып кетүүгө мажбурлашкан. Аксылыктардын күрөшүн колдошкон Кыргызстандын мекенчил инсандары, жарандык коомдор, көзкарандысыз ММКлар, айрыкча Азаттык радиосу, анын журналистери, Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары ошол оор күндөрү Аксылыктар менен бирге болушкан жана, саясый күрөштүн ар кандай түрүн көрсөтүшкөн. Аксылыктарды колдоп Кара-Кулжалык укук коргоочу Ш.Назаркулов кыргыз тарыхында саясый өлүмдүн түрү-ачкачылыкта жатып Бишкекте курман болсо, жүздөгөн адамдар камакка алынып, ур токмокторго кабылган. Бирок Аксылыктар аларды колдошкон инсандар, бийликтин бардык кордоо, зордоо зомбулактарына чыдап, үй-бүлөөлүк башкарууга каршы күрөшүүнүн жаңы үлгүсүн, майтарылбастыкты аягына чейин көрсөтүшүп, бүткүл дүйнө жүзүнө таанымал болушкан. Аксылыктардын мындай күрөшү кыргыз элин саясый жоктон ойготуп, бийлик элдин эмес, эл бийликтин ээси экенин Кыргызстанда биринчилерден болуп тастыктаган. Мурда улуттук-мекенчилдик позицияда бир гана Асаба партиясы болсо, Аксы окуясынан кийин ондогон мекенчилдик көз караштагы саясый партиялар, саясатчылар чыккан. Ага азыркы бийлик ээлери С.Жапаров, К.Ташиев ж. б. мекенчилдик позициядагы жүздөгөн саясатчыларды кошсок болот. Ошентип Аксы окуясы Кыргызстанда бекемделип жаткан авторитаризмдин үй-бүлөөлүк башкаруусуна каршы саясый күрөштүн башталышы, ал эми Аксылыктар аны баштоочу катары тарыхта калды.

 

2. 2005-жылкы март элдик ыңкылабы

 

2005-жылдын март айындагы ыңкылаб, акаевшинага каршы Аксылыктар баштаган саясый күрөштүн жыйынтыгы. Анткени март революциясынын негизги кыймылдаткыч күчү Аксылыктар болсо, ыңкылабдын ордосу да Аксы жергесинде болгон. Акаевке каршы саясый күчтөрдүн нечендеген курултайлары Аксы жергесинде өткөрүлүп, Акаевшинага каршы күрөшүү боюнча тийиштүү чечимдер алынып турган. 2005-жылдын февраль айындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо, бийлик болгон күчүн уюткусу Аксыда жаткан Кыргызстан Элдик Кыймылынын лидерлерин өткөрбөө, бийликтин Алга Кыргызстан, Адилет партиялары колдогон адамдарды гана өткөрүү саясатын жүргүзүүнүн кесепетинде, КЭКтин катары көбөйүп, 2005-жылдын 4-мартында Жалал-Абад областында бийлик элдин колуна өтөт. 2005-жылдын 12-мартында Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн курултайда Акаевдин бийлиги Кыргызстандын түштүгүндө кулаганы расмий жарыяланып бийлик эл шайлаган губернаторлордун колуна өткөн. Ал эми 24-мартта мындай жеңиш Бишкекте Акаевдин Кыргызстандан качып кетүүсү менен аяктаган. 2005-жылдын март ыңкылабы, нукура элдик мүнөздөгү үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга, бийликтин чыккынчылыгына, адилетсиздигине каршы чыккан элдин күрөшү болгон.

 

3. 2010-жылкы апрель элдик ыңкылабы

 

Логикалык жактан алып караганда, апрель революциясы Бакиевдердин

үй-бүлөөсү тарабынан уурдалган март революциясынын уландысы десек да болот. Эмне дегенде март революциясынын талаптары аткарылбай, болгону Акаевдин үй-бүлөсүнүн ордуна, Бакиевдердин үй-бүлөөсү алмашып жатканы боюнча, революциядан үч ай өтпөй бийликке жаңы эле келишкен КЭКтин «атамандарынын» ортосунда өз ара пикир келишпөөчүлүк башталган. Натыйжада алты айга жетпей чыныгы революционерлер биринин артынан бири кызматтарынан ар кандай уюштурулган аракеттер менен четтетилип, алардын ордун Д. Усеновко окшогон «биз революционерлер эмеспиз» дегендер, президент Бакиевдин уулдарынын, ини, тагаларынын жакындары, «акаевдик саясый сойкулар» ээлеп, бир жыл өтпөй Бакиевдик үй-бүлөөлүк башкаруу, коррупция, адилетсиздик Акаевдикине караганда масштабынын кендиги мыкаачылыгы менен өзгөчөлөнүп жатканы жалпы элге көрүнө баштайт. Буга макул болбогон бир топ саясый күчтөр, Бакиевдик кланга каршы Бириккен элдик Кыймылга (БЭК) биригүүгө аргасыз болушат. Бакиевдин бийлиги кетирип жаткан кемчиликтер жөнүндө Бишкекте, региондордо өткөн, нечендеген тынчтык митингдерде, курултайларда, парламентте айтылып, чечимдери Бакиевке жеткирилип турган. Элдин талаптары мурдагыдай эле үй-бүлөөлүк башкарууга, коррупцияга, адилетсиздикке, кен-байлыктардын чет элдиктер тарабынан таланып жатышына, суу, газ, электр энергиясына баалардын өсүшүнө каршы талаптар болгон. Бирок Бакиевдин бийлиги аларды аткаруунун ордуна, Акаевке окшоп эле оппозиция лидерлерине, алардын жакындарына чейин ар кандай куугунтуктарды уюштурган. 2010-жылдын 7-апрелинде, Ала-Тоо аянтындагы бийликтин өз элине болгон кыргынынан кийин, Бакиев жакындары менен Ак-үйдөн качууга аргасыз болгон. Апрель революциясынын негизги башчылары, уюштуруучулары, мурдагы март революциясынын башчылары, катышуучулары болсо, апрель баатырларынын көпчүлүгү март революциясынын да баатырлары болушкан. Бакиевдин, анын жакындарынын качышы да Акаевдикине окшош болду. Айрымасы Бакиев элдин канын, Бишкекте эле эмес, түштүктө да төгүп кетти.

 

4. Убактылуу өкмөт (2010-ж. 7-апрель-21 декабрь)

 

2010-жылдагы апрель элдик ыңкылаптан кийин, Бакиевдин ордуна бийликке келген Убактылуу Өкмөт, өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып, кыска мөөнөттө президенттик башкаруунун ордуна парламенттик башкарууну камтыган Жаңы Конституцияны Конституциялык Кеңешмеге иштетип чыгып, аны референдум аркылуу 2010-жылдын 27-июнунда элге кабыл алууну уюштуруп, жаңы Конституцияга ылайык Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо өткөрүп, утуп келген 5-чакырылыштагы беш саясый партияга мамлекеттик бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берип, 2010-жылдын декабрь айында өзүн-өзү таркатты. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхындагы тынчтык жол менен бийликти өткөрүп берген биринчи саясый-тарыхый окуя болду.

Эми мамлекеттик бийлик жаңы шайланган 5-чакырылыштагы төрагасы Ата-Журт партиясынын лидери А.Келдибеков болгон Жогорку Кеңешке жана алар түзгөн жана шайлаган башында А.Атамбаев турган коалициялык Өкмөткө толугу менен өттү. Конституциядан толук түшүнүгү жок жаштар: «Бийликте эч ким шайлабаган Р.Отунбаева 2011-жылдын аягына чейин президент болуп олтурбадыбы»-деши мүмкүн. 2010-жылдын 27-июнунда өткөрүлгөн референдумда Конституциянын долбоору менен бирге «Өткөөл мезгилдин президенти» институту кошо киргизилип, ага Убактылуу Өкмөттүн чечими менен Р.Отунбаеванын талапкерлиги аныкталып, ал да референдумга чыгарылган. Ошентип Отунбаевага да Конституциянын долбооруна кошуп эл тарабынан добуш берилген. Ушундай тартип менен жабык тизмеге киргизилген 120 депутатка деле бир эле добуш берип келбедикби?! Парламенттик система 2011-жылы Отунбаеванын тушунда гана толук кандуу иштеди. 2011-жылдын аягында жаны Конституцияга ылайык эл тарабынан түз шайланып келген А.Атамбаев тарабынан, Конституция 2012-жылдан башынан эле ошол 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын жардамы менен бузулуп, өлкөдө кайрадан президенттик жеке башкаруу калыбына келтириле баштаган. Муну жаштар, айрыкча саясатчылар так ажыратып билүүсү керек. Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн президентти болгон жок, аны эл 2011-жылдын аягында, Убактылуу Өкмөт тарап кеткенден кийин бир жылдан кийин шайлады. Мамлекеттик бийликти узурпация кылса, аны 5-жана 6-чакырылыштын депутаттарынын колдоосу менен кылды, айрымдары ошондой мыйзамга автор болуп, мыйзамдаштырып берип турган. Менин жеке пикиримде Убактылуу Өкмөттүн тарыхый эки саясый катасы бар. Биринчиси өлкөгө парламенттик башкарууну киргизгени менен, ошол мамлекетти башкарат деген парламенттин депутаттарын тандап алуу укугун, элден алып саясый партияларда калтырганында. Натыйжада парламент эл өкүлчүлүктүү табиятынан партиялардын өкүлчүлүктүү органына айланып, депутаттарды тандоо партия лидеринин колунда болуп, алар акчасына жана партия лидерине лоялдуулугу боюнча тандалып, өмүрү ооз ачпаган бирок алтын, күмүш, коло наамдуу депутаттар тизмеге киргизилгенине шарт түзүлгөн. Кесепетинде парламент байлардын, бизнесмендердин колуна өтүп, бизнес менен бийлик мыйзамдуу аралашып, өлкөдө саясый коррупция болуп көрбөгөндөй өнүгүп, элибиздин парламенттик башкаруудан көңүлү көк таштай калды. Депутаттарды партиялык тизме менен шайлоо системасын пайдаланып, президенттердин үй-бүлөөлүк партияларын түзүү, алар аркылуу жалпы бийликти мыйзамсыз ээлөө жолун президент Атамбаев 2015-жылкы шайлоодо өзгөчө ишке ашырды. Ал өзүнүн СДПКнын тизмесин эле аныктабай, парламентке өтө турган партияларды, анын тизмесине чейин өзү баш, шопурлары төш, катчылары каш болуп аныкташты. Жыйынтыгы парламентке жалан «ляппайчылар» келип, алар азыр үчүнчү президентке улам мурдагы кожоюндарын сатып, мөөнөттөрү небак бүтсө да, ак эмгегин көрсөтүп жүрүшөт. Дагы кайталайм, Убактылуу Өкмөттүн саясый-тарыхый 1-катасы 2007-жылы Бакиевдин бийлиги киргизген ушундай шайлоо системасын калтырып койгонунда. Экинчи тарыхый-саясый күнөөсү, 2010-жылдын 10-июнунда түштүктө болгон улуттар аралык жаңжалдын алдын алалбаганында. Ошондогу мамлекеттик бийликтин ээлери катары Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн саясый-моралдык жактан күнөөбүз бар. Аны убагында өзүбүз да мойнубузга алып, элден кечирим сураганбыз.

 

5. 2020-жылдагы октябрь «төңкөрүшү»

 

Убактылуу Өкмөт сактап калган шайлоо системасы менен шайланып келишкен үй-бүлөөлүк партиялар Бакиевди, Атамбаевди ж.б. коргой албагандай эле С.Жээнбековду да 2020-жылдагы октябрь «төңкөрүшү» учурунда, андан кийин да шайлоодо өзү колдогон үч партиясы сактай алган жок. Анын бийлиги да ушундай шайлоо системасынын кесепетинде 2020-жылдын октябрь айындагы «төңкөрүш» менен аягына чыкты. Жеке менин пикиримде, окябрь окуясы элдик ыңкылап же төңкөрүш да эмес. Ал ыңгайлуу учурду күтүп, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууну көздөп жүрүшкөн жашыруун аракеттенген кылмыштуу топтун пландуу аракеттеринин кесепети. Анткени аянтка топтолгон эл негизинен бир эле максат менен- адилетсиз өткөрүлгөн, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, жана жаңы кайра шайлоо жарыялоо талабы менен чыккан. «Президент кетсин» же башка революциялык талаптар менен чыккан, же ошондойду уюштурган КЭКке же БЭКке окшогон жоопкерчиликти моюнга алган туруктуу оппозициялык уюм болбогон. Бийликтин сокурлугунан, шайлоого нааразы болгон элдин талабына убагында жооп берилбей, кесепетинде «С.Жээнбековды Ак-үйдөн кууп чыгабыз»- деп ыңгайлуу учурду күтүп жүрүшкөн күчтөр Ак-Үйгө кирип алардын артынан карапайым эл кирип, мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу аракеттери ишке ашкан. Мындай көрүнүш төңкөрүшкө караганда атайын уюштурулган кылмышка окшош. Бирок ушул окуядан кийин Жээнбековдун бийликте калганга саясый моралдык жактан укугу түгөнгөн. Себеби Ак-үйдү алдыртты, бийлиги качты аны коргогон, колдогон саясый күч болбоду. Шайлоодо колдогон үч партиясы иш жүзүндө ким экенин көргөздү! Ушундай шартта бийликти өзүнүн негизги душманына алдыргандан көрө, бийликке келүү үчүн ымалага келип жаткан Жапаров-Ташиев тандемине Конституциялык жол менен өткөрүп берүүгө аргасыз макул болду. Ошентип «чуркаган калат, буйруган алат» болуп, октябрь окуясы расмий иликтенбей келечекте тарыхчыларга чоң тема болуп калды.

 

6. 1990-ж. июнь жана 2010-ж. июнь окуялары

 

Бул эки окуя тең, Кыргызстандын тарыхында өлкөбүздүн түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжал катары калат. Үстүрттөн караган адамга бул каргашалуу эки кандуу окуя коёндой окшош. Жаңжал кыргыз жана өзбек улутундагы эки элдин ортосунда, Кыргызстандын бийлиги ошол мезгилдеги тарыхый окуялардын кесепетинен алсыз кезинде, ушундай кырдаалды өз кызыкчылыктары үчүн, пайдалангысы келген ички жана сырткы күчтөрдүн шыкаакчылык аракеттеринин таасиринен болгон. Кесепетинде кылымдардан бери, базары, мазары бир болуп, бирге жашап келген эки элдин жүздөгөн бейкүнөө адамдары каза болду, миңдегендери оор жабырланды. Мамлекетибизге эле эмес, элибизге оор экономикалык, социалдык, моралдык зыян келтирилди. Эң жаманы эки элдин ортосунда, ишенбөөчүлүк пайда болду. Бирок мындай жалпы окшоштукка карабай, эки кандуу окуянын айырмачылыктары да бар. Эң башкы айрымачылык 1990-жылдын июнь айындагы окуянын келип чыгышына уюшкан сепаратистик күчтөрдүн ролу чоң болгон. Өзбектер жашаган колхоздун жеринен, кыргыз жаштарына үй салууга жер берилгени, болгону шылтоо болгон. Чындыгында 1990-жылдын март айында, Ош жана Жалал-Абад чөлкөмдөрүндө жашашкан өзбек улутундагы бир топ Эмгектин жана Согуштун баатырлары, башка авторитеттери Республиканын түштүгүндө Өзбек автономиясын түзүү жөнүндөгү расмий кайрылууну Москвага-СССРдин Жогорку Советине, Кыргызстан КП БКна жолдошкон. Улуттук негизде «Адолат» партиясын түзүп активдүү сепаратистик иштерди эл арасында жүргүзүшкөн. Ал эми 2010-жылдын июнь окуясында сепаратизмдин айрым элементтери болгону менен сепаратистик расмий кайрылуу Убактылуу Өкмөткө келип түшпөгөн жана сепаратистик атайын уюм болбогон. Сепаратистик чакырыктар, аракеттер уюшкандыкта жүргүзүлгөн эмес. К.Батыров жана аны колдошкондор, ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн түштүктөгү алсыздыгынан жана Бакиевчилердин Убактылуу Өкмөткө каршы реваншистик аракеттеринен пайдаланып, түштүктө өзбек улутунун авторитети катары көрүнгүсү келген. Жеке өз кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөшкөн. Алардын жоопкерчиликсиз сүйлөгөн сөздөрүнүн кесепетинен улам оболу хулиганчылык, анан ал баш аламандыкка, аягында улуттар аралык жаңжалга айланып кеткен. Бирок Батыровдун мындай аракеттери көпчүлүк өзбек элинин, анын көпчүлүк авторитеттеринин колдоосуна ээ болбой, жаңжал тез эле эки элдин өзү тарабынан сүйлөшүүлөр жолу менен токтотулган. Эки элдин алгачкы жарашуу сүйлөшүүсү, 2010-жылдын 14-июнунда так ошол Батыровдун менчик Университети өрттөлгөн күнү Жалал-Абадда, анан Сузакта болуп, андан соң бүткүл өзбектер жашаган ар бир калктуу айыл, шаарларда массалык түрдө өткөрүлгөн. Түпкүлүгүндө бир эл, тили, дини бир, кылымдар бою бир базардан соода кылып, өлүшсө бир мазарга коюлуп келген эки элдин ынтымагы, бул жалгандын оома-төкмө утурумдук, саясаттарынан улам ийилсе ийилеер, бирок сынбайт деп ойлойм.

 

Төртүнчү Бөлүм

 

ЭГЕМЕН ДООРУНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАР

 

1. Бүгүн саясат, эртен тарых

 

Эгемен доорунун тарыхый инсандарын тандоо, жазуу мен үчүн абдан оор болуп турат. Анткени тарых 30 жылдык мезгил менен бааланбайт. Ага Совет доорундагы эки белгилүү инсандын бүгүнкү тарыхтагы орду менен жооп берейин. Биз 60 чыккан эски муун, мектептен «Кыргыз Совет адабиятынын негиздөөчүсү» деп Аалы Токомбаевди окуп, ырларын жаттап жүрчүбүз. Аалыкебиз СССРдин бардык мамлекеттик сыйлыктарын, наамдарын алды. СССРдин кулатылышы менен Аалыкебиз өчүп, анын ордуна эл душманы катары атылган Касым Тыныстанов чыга келди... Экинчиден бүгүн мен жаза турган көпчүлүк адамдардын, алардын оппоненттеринин да көзү тирүү. Алар албетте мени менен макул болушпайт. Алар жөнүндө азыр жазуу саясат… Үчүнчүдөн 30 жылда мактанып, көргөзө турган алгылыктуу иштерибиз да жок. СССР тарагандан кийин журтта калган күчүктөй, көзкарандысыздыгыбыз жөнүндөгү Декларацияларды башка республикалардын Декларациясынан (Украинанын) көчүрүп жазып жарыяладык. Менин оюмча мактана турган нерсе, элди социалдык-экономикалык жактан оор кыйынчылыкка калтырбай, колубуздагы бар ресурстарыбызды чачып жибербей, кен-байлыктарды, келечекке болгон багытты аныктоону чет элдиктердин колуна салып бербей, өзүбүздүн Жогорку Кеңеш, Өкмөт, бийликтин партиясы болгон Компартия менен кеңешип, анын өстүргөн кадрларын пайдаланып, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүн, менталитетин, геосаясый ордун эске алып, мурдагы пландуу экономикабыздан рынок экономикасына пландуу өткөнүбүздө мүмкүн ошондой жол менен өздөрүнүн көзкарандысыз мамлекеттерин курушкан Өзбекстан, Казахстан, Белоруссия жок эле дегенде Туркменстанга окшоп тарыхый инсандарды мактанып белгилейт элек. Ошентсе да, көзкарандысыз улуттук мамлекетибиздин фундаментин курууда, анын баш мыйзамын иштеп чыгууда, мамлекеттик символикаларды, шаар, жер-суубуздун тарыхый атын кайрып берүүдө өзүнүн билими, улутук-мекенчилдик бекем позициясы менен эбегейсиз салым кошушкан айрым инсандардын атын атап коюуну туура таптым.

 

2. Кыргыз Республикасынын мамлекет башчылары

 

Кыргызстандын президенттерин жазардан мурда, аларга чейинки, 1985-жылдын апрелинен тарта, Горбачевдук кайра куруунун шылтоосу менен, Кыргызстанда ачык айкындуулук, советтик коомдук тоталитардык түзүлүштү демократиялаштыруу, анын жыйынтыктары жөнүндө учкай айта кетели. Анткени президент институту жөн жерден киргизилген эмес. Кайра куруу мезгилинде (1985-1991-жж.) Кыргызстанды башкаруу А.Масалиевдин пешенесине буйруп, коомду, мамлекеттик бийликти демократташтыруу, улуттук баалуулуктарга кайрылуу ушул адамдын тушунда башталган. Ага төрт далилди мисал келтирейин.

1) Масалиевдин тушунда, негизинен билимдүү акын-жазуучулардын, илим-билимдин адамдарынын демилгеси менен кыргыз тилине, мамлекеттик тил статусун берүү маселеси көтөрүлгөн. Муну Масалиев колдоп мыйзам долбоорун атайын топко иштетип чыгартып, Компартиянын катчысы М.Шеримкуловду ал мыйзам боюнча Жогорку Советтин жыйынында компартиянын атынан докладчик кылып дайындаткан. Мыйзам долбоору ошондогу 11-чакырылыштагы Жогорку Советтин сессиясында каралып жатканда, Республиканын Баш прокурору Г.Иванцов баштаган орус тилдүү, аларды колдошкон «киргиз» депутаттар мыйзамды өткөрбөөгө аракет кылышат. Ошондо Масалиев капыстан трибунага чыгып, Иванцовко «интернационализмдин принциптери» менен катуу жооп берип, мыйзамды Жогорку Советтен алып өткөн. Ошол 1989-жылдын 23-сентябрында аталган мыйзамды алуу менен кошо 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү катары белгиленип жүрөт. Кош тилдүүлүк 2000-жылы Акаевдин демилгеси менен, депутаттар Усубалиев, Текебаевдердин авторлугунда кайра киргизилген.

2). Масалиевдин тушунда 1990-жылы февраль айында өткөн Жогорку Советтин депутаттарын шайлоо, тарыхта биринчи жолу саны чектелбеген альтернативдик негизде 350 бир мандаттуу округда өткөрүлгөн.

Депутаттарды көрсөтүү шайлоочуларга, эмгек жаматтарына, саясый-коомдук уюмдарына, аскер бөлүктөрүнө, мугалимдер жаматына берилген. Жыйынтыгында 12-чакырылыштагы «Легендардык парламентке» 14 улуттун өкүлдөрүнөн, аскер, укук коргоо органдарынан, мугалимдер жамаатынан, алты академиктен тартып, бир сегиз жылдык билими бар адамга чейин, ондогон жазуучу-акындар, врачтар, кинорежиссерлор, тракторист, саанчы чабандарга чейин түз эл тарабынан алтернативдик тартипте тандалып шайланып келишкен. Парламенттин 29,2 пайызы 30 ка чыга элек жаштар болгон. Жогорку Советтин төрагасы болуп А.Масалиев шайланган (апрель 1990-ж.). Депутаттардын сапаттык, сандык курамы боюнча андай парламент башка шайлана элек.

3) Масалиевдин төрагалыгында, Кыргыз ССРнин Конституциясына өзгөртүү киргизилип, Компартиянын жетектөөчү, багыттоочу ролу жокко чыгарылып, Жогорку Советтин төрагасы мамлекет башчы болгон (апрель 1990-ж.). Кыргыз ССРнин Конституциясына президент институтун киргизүү, Республиканын мамлекеттик Эгемендүүлүгү жөнүндөгү Декларацияны иштеп чыгуу (апрель 1990-ж.), Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын иштеп чыгуу (октябрь 1990-ж.), жаңы мамлекеттик символикаларды аныктоо (апрель1990-ж.), Республиканын борборун тарыхый атына алып келүү (апрель 1990-ж.), Республиканын экономикасын рынок экономикасына өткөрүү боюнча программа иштеп чыгуу үчүн (октябрь 1990-ж.), атайын комиссиялар түзүлүп иштей баштаган. Жогорку Советте биринчи жолу фракциялар түзүлгөн (октябрь 1990-ж.).

4) 1990-жылдын апрель айында жаңы шайланып келген 12-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйынында, А.Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы, мамлекет башчысы катары, президенттик башкарууга каршы экенин ачык билдирип, Кыргызстанга парламенттик башкаруунунун Кытай формасына өтүү идеясын сунуштаган. Бирок бул сунуш Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес.

 

3. Президенттер

 

Президенттердин Кыргызстандын эгемен доорунда, мамлекеттүүлүктү чыңдоого кошкон салымдарын белгилерден мурда, биз эски муун жашаган СССРдин башчылары жөнүндө эскере кетели. В.И. Ленинди биз тарыхтан Орус падышачылыгын кулаткан Октябрь Социалисттик Революциясынын башчысы, Орус Империясын ордуна Совет түрүндөгү СССРди негиздөөчү инсан катары билсек, И.В. Сталинди жүздөн ашык ар түрдүү улуттагы элдерди бир бүтүн совет элине айландырган, СССРди кетмен, күрөктөн атомдук бомбага чейин жеткирген, Экинчи Дүйнүлүк согуштун жеңүүчүсү, дүйнө элдерин фашиизмден сактоочу, дүйнө жүзүнө социалисттик системаны таратуучу, бүткүл совет элинин атасы, жолбашчысы катары жана, сталиндик репрессияны уюштурган инсан деп билебиз. Л.И. Брежневди сенектик доордун ээси катары, ал эми М.С. Горбачевду СССРди жок кылган адам катары гана билебиз. Калгандарынчы? Алар тарыхтын статистикасында эле калбаса, карапайым эл билбейт. Ушул сыңары 30 жылдагы Кыргызстандын президентери жөнүндө айтканда Акаев жана башкалары деп койсок реалдуулукка туура келчүдөй. Эмне үчүн? Анткени биринчи президент катары Акаевдин эгемендүүлүктүн пайдубалын курууда эмгеги, ролу зор болгонун тана албайбыз. Ал анда жаштыгы билимдүүлүгү, демократтык позициясы менен, 1994-жылга чейин өлкөбүздүн мамлекеттик эгемендүүлүгүн укуктук жактан бекемдеп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге, президент катары аларга, багыт, жардам берип турган. Бирок ошол иштеп жаткан депутаттарды, азыр өзү мойнуна алып жаткан «каталарын» жашыруу максатында 1994-жылдын сентябрь айынан кийин иштетпей, бүткүл мамлекеттик бийликти өз колуна мыйзамсыз ээлеп алган. Бирок бүт бийликти алганы менен Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн пайдубалын бекемдөө, көзкарандысыз үйүбүздү андан ары куруу чындоо, чыныгы улуттук үйгө айландыруу иштерин жүргүзгөн эмес. Тескерисинче Кыргызстанды бир үй-бүлөөнүн үйүнө айлантуу максатында 1993-жылкы Конституцияны одоно бузуп, мыйзамсыз өткөргөн Конституциялык реформалары аркылуу, Кыргызстандын демократиялык, укуктук мамлекет экенине бир нече жолу шек келтирген. Жогорку Кеңешти экиге бөлгөн. Акаев баштап кеткен үй-бүлөлүк башкаруунун кесепетинде, Кыргызстанды тоноо, талкалоо, элдин байлыгын уурдоо, сатуу чек арасынын кол тийгистигин бузуу, малекеттик көзкарандысыздыкка шек келтирген андан кийинки президенттердин өзүм билемдик саясаттары 30 жыл бою тынбай улантылып келди. Мисалы, Кумтөр алтын кени боюнча 1992-жылы башталган кылмыш азыркы президент С.Жапаровдун аракети менен 2021-жылдын май айында токтотулду. Мыйзам боюнча Кумтөр алтын кениндеги кылмыштын эскерүү мөнөөтү 2021-жылдын май айынан, кылмыш бүткөн күндөн тартып эсептелет. Эскирүү мөөнөтүн колдонуп Кумтөр боюнча кылмышкерлердин кылмыш жообунан бошотулуп жатканы тарыхый ката болот. Мен ушул макаламды жазып жатканда, качкын президент А.Акаев мурдагы жасаган кылмыштары үчүн сурак бергени Бишкекке келип, элден «эки катасы» боюнча кечирим сурады. Башка күнөөлөрү боюнча унчукпады. Анча мынчасын өзүнөн кийинки президенттерге шылтады. Ошондон улам Акаев жөнүндө соцтармактaрда кызуу талкуу башталды…Ушундай түзүлгөн кырдаалда мен Акаевден кийинки президенттер жөнүндө жазбасам деле болот анткени, Акаевдин кылмыштары эмес, анын өзүн ким экенин жакшы билбеген 30 жаштагылар азыр соцсеттерде жүрүп жаткан талкуудан кийин бардык президенттердин Кыргызстанга кылган пайдасы менен зыянын таразалап алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Экинчиден экс-президенттер соцтармактарда, тарапташтары аркылуу бири-биринин «каталарын» жазышып жатып, баары окшош экенин өздөрү далилдешип жатышат… Күткөн күн келди…

 

4. Башка тарыхый инсандар

 

Кыргызстандын улуттук эгемендүү мамлекеттүүлүгүн укуктук жактан түптөөгө 12-чакырылыштагы, тырмакчанын ичиндеги «легендардык парламент» деп аталган парламенттин бир катар депутаттарынын эмгеги зор. Алар бир эле Эгемендүүлүк, Көзкарандысыздык жөнүндө Декларацияларды, Кыргызстандын 1-президентин шайлаганы, Кыргызстандын биринчи Конституциясын кабыл алганы, бийлик бутактарын түптөгөнү, мамлекеттик символикаларды аныктаганы, шаар, айыл башка жер-сууларга тарыхый аттарын кайтарганы үчүн эле «легендарлар» эмес. 1993-жылкы Конституциянын бузулганына Акаевка жардам бергени, Кыргызстандын 70 жылдык байлыгын талап тоноого жол бергени, айрымдары түздөн-түз ошол алың-алың принциби менен жүргүзүлгөн «Прихватизацияга» аралашканы, Кумтөргө жана сыртка чыгарылган 2тн жакын алтын боюнча түзүлгөн «алтын комиссиясынын» ишинин тыянагы, «Прихватизация» боюнча түзүлгөн комиссиянын чыгарган тыянагы боюнча, парламенттик деңгээлде эч кандай чечим чыгара албаганы акырында өздөрү 1994-ж. 27-сентябрына жарыяланган кезектеги сессиясына катышпай, кворум түзө албай өз иштерин биротоло токтоткону үчүн да «легендардык парламент» болуп калышты.

Ошентсе да Кыргызстандын мамлекеттик эгемендүүлүгүн укуктук жактан бекемдөөдө: М.Шеримкулов, Ч.Баекова, Ф.Кулов, Б.Ааматов, Э.Өмүралиев, А.Ибраимовко окшогон, мамлекеттик символикаларды аныктоодо: Т.Касымбеков, К.Бобулов, К.Акматов, М.Байжиев сыяктуу, жер маселесине келгенде: К.Акназаров, Ж.Акималиев, мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча маселелерде: С.Таабалдиев, Ө.Текебаев, К.Идинов, И.Кадырбеков, Ш.Сыдыков жана Мойдиновко окшогон депутаттардын активдүүлүгүн белгилеп кетели. Алтын комиссиясынын үч активдүү мүчөлөрү Ш.Мамбетов, Т.Усубалиев, Р.Дырылдаевдердин Кумтөр алтын кени, 2тн алтын боюнча парламентте жасаган докладдары чындыгында Акаевдин анын Өкмөтүнүн коррупциялык кылмыштарынын бетин ачкан биринчи тарыхый документтер десек болот. Ал эми парламентте эмес, көчөдө ачкачылыкта жатып болсо да, Эгемен Кыргызстандын пайдубалын курууга таасир беришкен көчө демократтары: Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеев, Чоң Аюу, Карышкыр, Т.Акун, Д.Нүсүпов ж.б. КДКнын активистеринин эмгектери, парламентте олтурушкан коммунист-демократтар менен академиялык депутаттарга караганда көзгө көрүнөрлүк иш болгон.

 

СОНКУ СӨЗ ОРДУНА.

Журт атасы, Кыргыз башы болуу орду бош турат….

 

Кандай гана эл болбосун, өзүнүн улуттук мамлекеттүүлүгүн кайра жаңылоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөндө өлкө башына же өкмөт башына элим, жерим деген инсан келсе гана, ошол эл, ошол мамлекет кайра жаралып, аны жараткан мамлекет башчысы Ата түрк, эл башы, туркмен башы, ал эми Өкмөт башчы болсо, экономикалык чудолорду жараткан улуу реформатор катары өз элинин урмат сыйына ээ болуп эл атасы, эл башы, чудо жаратуучу деген элдик наамдарга ээ болот. СССР ыдырап ар бир республиканын өз алдынча мамлекет катары кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү пайда болгондо бийликке келген Кыргызстандын 1-президенти Акаевде да ошондой кыргыз башы, журт башы катары тарыхта кала турган мүмкүнчүлүктөр, бардык шарттар бар эле. Эң башкы мүмкүнчүлүк Кыргызстанды кайра түзгөнгө Акаевке сырттан да, ичтен да эч ким жолтоо болгон эмес. Экинчиден Акаевдин колунда бардык бийлик болгон. Үчүнчүдөн Акаев бийликке келгенде, Кыргызстан өнүккөн агроөнөржайлуу, жеңил, оор өнөр жайы иштеген, өлкөнү андан нары улантып кеткидей оокаты бар өлкө болгон. Төртүнчүдөн ошол кездеги бүткүл Кыргызстандын каймактары делинген илим-билимдин, партиялык, советтик кызматтын, маданияттын өкүлдөрү Жогорку Кеңеште депутат катары Акаевди колдошуп турган. Бешинчиси, эң башкысы билимдүү, ишенчек, чыдамкай кыргыз элинин Акаевке болгон үмүтү, ишеними абдан жогору эле.

Өзүнө чейин мамлекет башчылары катары Кыргызстанды башкарышып, советтик, партиялык кызматтардын, ыссык суук тепкичтеринен нечендеген сыноолордон өтүшкөн, акыл ээси жетилип, эл арасында авторитеттүү Т.Усубалиев менен А.Масалиевди кеңешчи кылып эки капталына олтургузуп, чарбакер, иштерман А.Жумагуловду Өкмөттү башкарганга толук укук, ишеним берип, М.Шеримкулов жетектеген парламент менен ачык-айкын түз кеңешип, Мамлекеттик иш чараларды тактап аларга бекиттирип, Исанов, Муралиев, Айбалаев, Акималиев, Сыдыковко окшогон такшалган, тажрыйбалуу жүздөгөн кадрларыбызды туура пайдалангандын ордуна, кеңешчи катары Кыргызстанды кайра жаратууга эмес, анын алтынына гана кызыктаар Б.Бирштейнге окшогон батыштын адамдарын Ак-Үйдүн 7-кабатында тайрандатып, ага бүтүндөй байлыгыбызды башкартып, кадр тандоону аялына берип, айланасына, пахта менен тытты көрбөгөн, лаборанттарды топтоп, аларды Өкмөт башчы, айыл чарбасын башкарган вице-премьер, министр, губернатор кылып дайындап, анан «Кыргызстанды Орто Азиянын демократиялык аралчасына айлантам» - дегенин дөөдүрөктүк дегенден башка эмне айтабыз?! Акаев Кыргызстанды болгону Постсоветтик республикалардын пландуу экономикасын биротоло ойрондоо үчүн Кыргызстанды ар кандай саясий экономикалык долбоорлорду сынап көрүүчү лаборатория катары пайдалангысы келген сырткы күчтөрдүн чоң лабораториясына айлантты. Эгерде Акаев батыштын демократиясы менен либерализмине суктанбай, өзүбүздүн ички ресурсубузка таянып, улуттук менталитетке жараша реформаларга барганда, балким Назарбаевке окшоп эл башы атка конмок. Акаевдин ар дайым, «бизде бензин, газ жок болчу»- деген актануусу болбогон жөөлүмө актануу. Эгерде коңшулардын башын аттабай, алар менен чыныгы коңшуларча, бир туугандарча мамиле жасаганда, нефтилүү, газдуу коңшу бир тууган элдер газы менен нефтисин мурдагыдай эле бизге сата бермек. Бүткүл Европаны газ, нефти менен жабдыган бир тууган Россия бизге кантип эле нефти менен газын бербей коёт эле?!, Берип жатпайбы?! Дүйнө элин кийинтип жана багып жаткан коңшубуз Кытай турганда кантип эле ачка, жылаңач калат элек? Кеп башкада болчу. Акаевдин кыргыз башы болбогонун себебин убагында анын эң жакын шакирттери болуп колдоп жүрүшкөн айрым адамдарынын жазгандары менен жазып жооп берейин: «…Акаевдин Кыргызстандын өзүнчө бир Ататүркү болуп калганга реалдуу шансы бар эле, бирок аны колдон чыгарып жиберди. Бул үчүн тирүүлүктүн көп азгырыктары менен жазгырыктарынан аң сезимдүү түрдө баш тартуу зарыл эле. Өлкөнүн башында турганда, чоң тарых үчүн иштөө керек экени кимге дайын эмес...» А.Ибраимов., «…Улуу Кемал Ата түрктөй тарыхта калганга Акаевдин уникалдуу мүмкүндүгү бар эле. Бул үчүн анын колунда баары бар эле. Качкан себеби белгилүү (Конституцияны көп ирет өзгөртүлүшү-эпсиз көп бийлик жана эпсиз аз жоопкерчилик) абдан бай болгусу, жок эле дегенде Араб өлкөлөрүнүн бириндеги шейх абалына (коррупциялык кутурмасы, үй-бүлөөлүк бизнестин коолап-чайлашы), тилегинен чыккан каталыгы болду...» Т.Чынгышев., «…Үй-бүлө болсо кадр маселесин чечкенге ачыктан-ачык кийлигишүүгө өттү. Акаевдин айланасында илеешкерлердин иргелген үйүрү түзүлүп, үй-бүлөөнүн чечими менен тандалды. Биздин элдин шоруна, Акаев арааны канчалык күчөгөн сайын ушундай кишилерди жогорку бийликке ошончолук көп алып чыга берди…» Ж.Сооданбеков. Эмне дейбиз, сөзсүз сүрөттөй, таамайлыгы атылган октой!

Эгемен доорундагы 30 жылда Өкмөт башчы болуп 30 дан ашык киши иштеди. Өкмөт башчылык орун 30 жылдан бери үй-бүлөөнүн менчик номенклатурасынан чыккан адамдардыкы, ошон үчүн да алар Кыргыз экономикасынын чудосун жаратыша алмак эмес. Алар үй-бүлө үчүн иштешти, ошон үчүн үй-бүлөө үчүн жооп беришүүдө. Жыйынтыктап айтканда, кыргыз башы же журт башы, эл башы болуу орун 30 жылдан бери бош турат. Азыркы президентибиз С.Жапаровдо ушул элдик наамды алууга Акаевдикиндей эле мүмкүнчүлүк, шарттар толук бар, шансы да реалдуу. Анткени Жапаров Акаевке окшоп бүгүн бардык бийликти өз колуна топтоду. Болгон айрымасы Акаев элден сурабай алса, Жапаров элден «сиздерге кандай башкаруу керек»- деп, сурап анан «элдик курултайда элге отчет берип турам»- деп жоопкерчилиги менен кошо алды. Азырынча элдин ишеними да бар. Мындай мүмкүнчүлүктү кандай пайдаланат өзүнүн жеке колунда аны мезгил өзү көрсөтөт, тарых өзү судья болот.

 

«Бүткүл Кыргызстандын элин майрамдардын майрамы болгон, мамлекеттибиздин көзкарандысыздык күнү менен куттуктайм! Элибиздин ынтымагы, жерибиздин бүтүндүгү бузулбасын! Бар бол! Бир бол! Бай бол кутмандуу кыргыз элим!».

 

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси А. Бекназаров.