Кыргыз Республикасынын 30 жылдык Көз карандысыздыгына карата куттуктоо

547

Урматтуу Малайзия жана Түштүк-Азия регионунда иштеп, жашап жана окуп жүрүшкөн мекендештер! Сиздерди майрамдардын майрамы болгон, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдык маарекеси менен өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин жамаатынын атынан чын дилимден куттуктаймын.

Кыргызстаныбыз экономикалык жактан убактылуу тунгуюктан чыгалбай, алдыга өнүгүүдөн өз жолун табалбай, изденүүдө жүргөнүбүзгө карабай саясый жактан жана сөз ой, пикир эркиндигин камсыз кыла алган, күчтүү жарандык коому бар, эркин демократиялык өлкө катары таанылган - Кыргызстаныбыз үчүн ар дайым сыймыктанууга чакырам!

Эн башкысы өз үйүбүз бар, аны өнүктүрүү, көздүн карегиндей сактоо өз колубузда! Кыргызстаныбыз үчүн ар дайым бир болууга, бар болууга жана келечекте бай болууга чакырам! Адамзатын кыйнап турган пандемияга байланыштуу 31-август - улуу майрам күнү - бир боло албагыныбыз өкүнүчтүү. Буюрса келечекте бул улуу күндү нечен ирет бирге белгилеп, бирге майрамдайбыз! Ал үчүн баарыбызга оболу ден-соолук, амандык керек!

Дагы бир жолу улуу майрамыбыз менен куттуктаймын жана Кыргызстаныбыздын түбөлүк бар болушун жараткан жалгыздан тилеймин!

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Бекназаров.