Kyrgyz Parliament Speaker Nurlanbek Shakiev and Foreign Minister Zheenbek Kulubaev expressed their condolences to their Turkish colleagues over an explosion in Istanbul

773

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентопко даректелген көңүл айтуу телеграммасында “Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы жардыруунун каргашалуу кесепеттерин абдан тынчсыздануу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтам жана жарадарлардын тез сакайып кетишин каалайм”- деп айтылат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуга жолдогон көңүл айтуу кайрылуусунда “2022-жылдын 13-ноябрында Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндө болгон жарылуу жөнүндө жана анын натыйжасында бир нече адамдын курман болгондугу тууралуу суук кабарды алдым. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин тилейм, ал эми боордош түрк элине тынчтыкты жана бейпилдикти каалайм” – деп айтылат.