Развитие кыргызско-белорусского сотрудничества

3351

        2021-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Белорус Республикасындагы Элчиси Эрмек Ибраимов менен Белорус Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Макейдин жолугушуусу болду.

         Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-белорус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечеги, анын ичинде кыргыз-белорус өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиянын кезектеги жыйыны, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялар, ошондой эле интеграциялык бирикмелер менен эл аралык аянтчаларда өз ара аракеттерди көрүү тууралуу маселелерин талкуулашты.

         Мындан тышкары, COVID-19 жайылтууга каршы туруу боюнча эки өлкөдө жүрүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат алмашышты.

         Жолугушуунун аягында, 2021-жылга карата кыргыз-белорус кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча алдыдагы кадамдар белгиленди.