Размер шрифта

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйнына катышты

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 2-апрелинде Москва шаарында болуп өткөн КМШга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө актуалдуу эл аралык жана регионалдык көйгөйлөр жана Шериктештиктин алкагында түрдүү багыттар боюнча, анын ичинде КМШ мейкиндигинде коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү жаатында кызматташууну андан ары өнүктүрүү тууралуу пикир алмашуу болду.

Тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызмтташуу стратегиясын, 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин эл аралык жаштар кызматташуусунун стратегиясын, ошондой эле 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин туризм жаатындагы кызматташуу стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын бекитишти.

Мындан тышкары, тышкы саясий ведомстволордун башчылары КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыда боло турган отурумдарына киргизиле турган бир катар документтерди жактырышты.

Алсак, Кеңештин мүчөлөрү КМШга мүчө-мамлекеттердин башчылары 1941-1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгына байланыштуу Шериктештикке мүчө-мамлекеттердин элдерине жана дүйнө коомчулугуна кайрылуу долбоорун, КМШга мүчө-мамлекеттердин кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишиминин долбоорун, 1992-жылдын 9-октябрындагы КМШга мүчө-мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана аралыктан зонддоо жаатында өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоорун, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатында КМШга мүчө-мамлекеттерди базалык уюштуруу жөнүндө чечимдин долбоорун жактырышты.

Өзүнүн баяндамасында Министр Р.Казакбаев үстүбүздөгү жыл КМШнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы астында өтүп жаткандыгын белгилеп, Кыргыз Республикасы КМШга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн позитивдүү тажрыйбасын сактоого жана көп тараптуу интеграциялоону өнүктүрүүгө мындан ары да өз салымын кошууга даяр экендигине ишендирди.

Пандемиянын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча чара көрүүнүн актуалдуулугун баса белгилеп, Р.Казакбаев Шериктештиктин мейкиндигинде жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө жана регулярдуу авиакаттамдарын калыбына келтирүүгө, өз ара соода мамилелеринин темпин биргеликте сактоого жана тоскоолдуксуз жүк ташуу тринзитин камсыздоого чакырды.

КМШ Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кийинки жыйынын 2021-жылдын 14-октябрында Беларус Республикасынын Минск шаарында өткөрүү пландалууда.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK