Бурса аймагында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү

2021-жылдын 8-октябрында Бурса аймагында Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Бурса аймагынын губернатору Якуп Джанболат, Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ, Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жарандары жана бизнес өкүлдөрү катышты.

Кубанычбек Өмүралиев сөзүндө Бурса аймагында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылышы эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет деген ишенимин билдирди. Ошондой эле жаңы дайындалган ардактуу консул Билал Тутуш Бурса аймагында жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп, милдеттерин  татыктуу аткарат деген үмүтүн билдирди.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү аяктагандан кийин Бурсада жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук жана укуктук жардам көрсөтүү маселелери талкууланып, мекендештердин суроолоруна жооп берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK