Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунай продуктыларын жеткирүүдө кызматташуу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун тапшырмасын аткаруу үчүн Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына автомобилдик бензиндин жана дизелдик отундун бажы төлөмсүз ташылышынын көлөмүн көбөйтүү алкагында, 2021-жылдын 12-октябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мунай жана мунай продуктыларын жеткирүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө 2016-жылдын 6-июнундагы кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2021-жылга индикативдик балансты тууралоо жөнүндө, ошондой эле мунай жана мунай продуктыларынын 2022-жылга индикативдик балансын бекитүү үчүн Протоколго кол коюлган.

Россия тараптан документтерге Россия Федерациясынын энергетика Министринин орун басары П.Сорокин, кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы Министринин орун басары Э.Алишеров жана Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай Министринин орун басары Н.Шаршеналиев кол коюшту.

Бул Протоколго кол коюу Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган министрликтеринин биргелешкен иш-чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жардамы менен болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK