КР ТИМинин Кыргызстандын жараны Текирдаг шаарында киши колдуу болуп өлгөндүгү тууралуу маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына ылайык, жергиликтүү укук коргоо органдарынын билдирүүсү боюнча, ушул жылдын 13-октябрында Түркиянын Текирдаг шаарында М.А. аттуу Кыргызстандын жараны киши колдуу болуп өлгөндүгүн маалымдайт.

Азыркы учурда Текирдаг шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кыргыз жаранынын өлүмүнө шектелип, Түркиянын жараны Ф.А. карамалгандыгын жана башка тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын билдирет.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK