Президент Садыр Жапаров Иран Президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты.

«Иран Ислам Республикасынын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыр тарткан жарандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK