Размер шрифта

Элчи К.Өмүралиев Хатай шаарында БА өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото көргөзмөнүн жана ТҮРКСОЙ паркынын ачылыш аземдерине катышты

Иш-чарага Элчи К.Өмүралиев, Хатай провинциясынын Губернатору Р.Доган, Хатай шаарынын Мэри Л.Саваш, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Д.Касейнов, ошондой эле Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Элчилери катышты.

Фото көргөзмөнүн ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Элчи К.Өмүралиев мындан 30 жыл мурун мурунку СССРдеги түрк элдеринин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылганын жана алардын жарыяланган көзкарандысыздыгы элдердин ортосундагы мамилелердин мындан ары чыңдалышына өбөлгө болуп бергенин белгиледи.

Ошол эле күнү жогоруда айтылган адамдардын катышуусу менен Хатай шаарында ТҮРКСОЙ паркынын ачылыш аземи болуп, анда түрк тилдүү дүйнөсүүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн рельефтик портреттери менен алар тууралуу маалымат такталары орнотулган. Алардын катарында Ч.Айтматов бар.

Парктын ачылышынына арналган иш-чаранын жүрүшүндө Элчи К.Өмүралиев сөз сүйлөп, анда мындай иш-чаралар өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болорун, ошол эле учурда ал Ч.Айтматовдун рельефтик портретин паркка жайгаштыруу символикалык мааниге ээ экендигин, анткени ал бүткүл түрк дүйнөсүнүн руханий байлыгы экендигин баса белгиледи.

Иш-чаралардын алкагында Элчи К.Өмүралиевдин Хатай провинциясынын Губернатору Рахми Доган жана шаардын Мэри Лутфу Саваш менен өзүнчө жолугушуулары болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи К.Өмүралиев региондорду жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Хатай шаары менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда туугандык мамилелерин түзүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстандын Хатай ЭКСПО 2021’ге катышуу маселесин  талкуулашты.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK