Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев БУУ жана Экономикалык дипломатия иштери боюнча Пакистандын Тышкы иштер министринин орун басары Сайед Хайдер Шах менен жолугушту

2022-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин Бириккен Улуттар Уюму жана Экономикалык дипломатия иштери боюнча Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Сайед Хайдер Шах менен жолугуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуусунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле ар кандай көп тараптуу платформаларда мындан аркы тыгыз кызматташуунун келечегин белгилешти. Ошондой эле маектештер эл аралык маселелер, анын ичинде Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Элчи У.Тотуяев Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын камсыз кылууга багытталган жалпы өз ара пайдалуу позицияларды жана демилгелерди илгерилетүү үчүн БУУнун алкагында кыргыз-пакистан байланыштарды колдоонун жана өнүктүрүүнүн олуттуу ролуна өзгөчө басым жасады. Ал Пакистан тарабына Кыргызстандын БУУнун институттарына, анын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүнө талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өзгөчө, ушул жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын экинчи комитетинин алкагында карала турган Кыргызстандын демилгелесине БУУнун “Туруктуу тоолорду өнүктүрүү” резолюциясынын долбоорунун тең демөөрчүсү болгондугуна пакистан тарабына ыраазычылыгын айта кетти.

Өз кезегинде С.Х.Шах кыргыз тарабы менен жигердүү ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин ырастады. Ушуга байланыштуу мындан ары ар түрдүү демилгелерди илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK