Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Улуттук Ассамблеянын Спикери Асад Кайсер менен жолугушту

2021 жылдын 13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Уланбек Тотуяевдин Пакистан Улуттук Ассамблеянын Спикери Асад Кайсер менен жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана алмашуу сапарлары, эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгынын олуттуу потенциалын белгилеп, Пакистан тарабына Кыргызстандын инвестициялык, соода-экономикалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн Борбор Азия, ЕАЭБ жана ЕБ рынокторуна продуктуларын өндүрүү жана экспорттоо боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн активдүү колдонуусун сунуштады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK