Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев булуңундагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин Башкы катчысы Наиф Фалах Аль-Хажраф менен жолугушту

2021-жылдын 12-октябрында Нур-Султан шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге катышкан-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 6-жыйынынын айдыңында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер мекемелеринин жумушчу кеңешмесине катышты жана булуңундагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин Башкы катчысы Наиф Фалах Аль-Хажраф менен жолугушту. Жолугушууга Бахрейн Падышалыгынын Тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Аль-Заяни мырза да катышты – өлкөнүн атынан учурда бул Кеңешке төрагалык кылууда.

Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, туризм жана инвестициялык чөйрөлөрдө аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

"Борбордук Азия – Булуңундагы Араб Мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши" форматындагы жаңы диалог аянтчасын түзүү демилгеси да каралып, талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK