КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Төрагасы Чаба Кёрёши менен жолугушту

2022-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын Төрагасы Чаба Кёрёши менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишмердүүлүгүнө катышуусунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тактап айтканда, Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасы БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишине жигердүү катышууга умтуларын белгиледи. Ал кыргыз тараптын демилгеси менен кабыл алынган резолюциялар тууралуу маалымат берип, БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясынын жүрүшүндө тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин 5 жылдыгын жарыялоо боюнча резолюцияны сунуштоо ниетин билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен кызматташууну чыңдоо зарылдыгын белгилөө менен, КР Тышкы иштер министри мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөө процессинин аягына чыгарылбагандыгы интеграциялоо жолундагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын баса белгиледи.

Ушуга байланыштуу Министр Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Ал үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон чек ара аймактарынын тургундарына кыска убакыттын ичинде гуманитардык жардам көрсөтүүнү уюштурган БУУнун өлкөлүк командасынын жигердүүлүгүн оңунан белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев төрага Чаба Кёрёшини кызматка шайланышы менен куттуктап, анын бул маанилүү кызматтагы ишмердүүлүгүн Кыргызстан ар тараптуу колдорун билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK