Вена шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык борборунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар гильдиясынын (UNWG), ар түрдүү кайрымдуулук уюмдарынын жана диаспоралардын демилгеси менен кайрымдуулук Базары өттү

23-ноябрда Вена шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык борборунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар гильдиясынын (UNWG), ар түрдүү кайрымдуулук уюмдарынын жана диаспоралардын демилгеси менен кайрымдуулук Базары өттү. Бул жарманке 51-жолу өтүп жатат, кайрымдуулуктан түшкөн каражаттар көпчүлүк өлкөлөрдөгү балдарга жардам катары жөнөтүлөт. Бул маареке ар түрдү эл аралык уюмдар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусу менен өтөт, ошондой эле Австрия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жыл сайын катышуучусу болуп эсептелет.

Коноктор үчүн Кыргызстандын кийизден, жибектен жасалган улуттук ар кандай буюмдарынын кѳргѳзмѳсү ѳттү. Кыргызстандын жасалгалары катышуучулардын кѳнүлүн буруп, назарына ээ болду.

Мындай иш-чараларда Кыргызстандын катышуусу, башка мамлекеттердин өкүлдөрү, кыргыз элинин маданияты жана каада-салттары жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK