Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинде, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында кыргыз боз үйүнүн презентациясы болуп өттү

2021-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинде, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында кыргыз боз үйүнүн презентациясы болуп өттү.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун, ишкер чөйрөлөрдүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын, Пакистандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев өз сөзүндө көчмөндөрдүн салттуу турак жайын жайгаштыруу жана жасалгалоо жөнүндө айтып, боз үйдүн кыргыз эли үчүн терең символикалык маанисин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн туристтик потенциалы жана экотуризмдин популярдуулугу жөнүндө маалымат берди, конокторду Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Кыргыз боз үйүнүн ийгиликтүү презентациясы Пакистандагы коомчулуктан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан кеңири жооп алды.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK