2019 жылдын 4-июнундагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык билдирүүсү

Ушул жылдын 22-майынан тартып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан 2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын чагылдырууга катыша турган чет өлкөлүк журналисттерди аккредиттөө иши башталган.

 Иш-чараны чагылдырууга 300дөн ашык журналисттер билдирүү жиберишти. Бул Беларусь, Индия, Иран, Кытай, Монголия, Пакистан, Россия, Өзбекстан жана Япония сыяктуу өлкөлөрдүн ЖМК өкүлдөрү, анын ичинде, КР ТИМден аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин (Франция, Улуу Британия, АКШ жана Германия) журналисттери.  

Алардын ичинде: 30 телеканал, 10 радиостанция, 20 маалымат агенттиктери жана 10 гезит, атап айтканда, «Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттиги, CCTV кытай телеканалы, «Xinhua» маалымат агенттиги, «Россия» Бүткүл россиялык мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясы, УзА – Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги, Indian Express, «Иомиури» япон гезити, Daily Pakistan жана башкалар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK