Размер шрифта

КР ТИМ тарабынан 2021-жылдын 6-апрелинен 15не чейин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн жолугушуулар (видеоконференцбайланыш – ВКБ форматында) өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын бир катар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык, КР ТИМ тарабынан 2021-жылдын 6-апрелинен 15не чейин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн жолугушуулар (видеоконференцбайланыш – ВКБ форматында) өткөрүлүүдө.

ВКБнын негизги максаты – региондор аралык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, КР региондору менен чет өлкөлөрдүн региондорунун ортосунда боордоштук байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулоо, КР Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн КР чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен андан ары тыгыз өз ара аракеттенүүсү.

КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан аймактардын потенциалын илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен биргеликте чет мамлекеттерден инвестицияларды тартуу, өлкөнүн экспорттук жана туристтик потенциалын илгерилетүү боюнча максаттуу иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү абзел.

Жолугушуулардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр тарабынан аймактын артыкчылыктуу тармактары (экспортко багытталган продукциянын тизмеси, ички керектөө көлөмү, экспорттук потенциал (экспорттоо үчүн продукциянын көлөмү), тигил же бул өлкө менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар (кызматташуунун артыкчылыктуу/негизги тармактарын көрсөтүү менен) жөнүндө маалымат көрсөтүлөт, ошондой эле областтардын потенциалын илгерилетүү боюнча башка актуалдуу маселелер талкууланат.

Бул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү бул багытта максаттуу ишти коюуга жана алгылыктуу жыйынтыктарга жетишүүгө оң таасир тийгизет.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK