Түрк кеңешинин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланды

2020-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жумушчу сапар менен Бишкек шаарына келген Түрктилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК/Түрк кеңеши) Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин түрдүү тармактардагы кызматташуусунун актуалдуу маселелери, анын ичинде, мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жана 2019-жылдын 15-октябрында Баку шаарында өткөн ТМККнын 7-Саммитинин чечимдеринин ишке ашырылышы жөнүндө пикир алмашышты.

ТМКК Башкы катчысы Б.Амреев Түрк кеңешинин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ТМККнын Будапешт шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн ишке киришине байланышкан жумуштар тууралуу айтып берди.
Министр Ч.Айдарбеков Түрк кеңешинин ишмердүүлүгүн экономика багытына интенсификациялоону улантуу керектигин, бул чөйрөдө бардык мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыктарын көздөгөн так долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.
Тараптар ошондой эле Түрк кеңешинин багыттары боюнча 2020-жылга пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK