КР Президенти С.Жээнбековдун Европа Биримдигинин институттарына сапарын уюштуруу маселелери талкууланды

2020-жылдын 12-февралында Брюссель шаарында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Европа тышкы аракеттер кызматынын Башкы катчысы Хельга Шмид менен жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен ЕБнын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле КР менен ЕБнын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууга кол коюуга техникалык даярдык маселелерин талкуулашты.
2020-жылы КР Президенти С.Жээнбековдун ЕБ институттарына сапарын уюштуруу маселеси талкууланды.

 

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK