Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңыдан дайындалган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевди тааныштырды

Бүгүн, 2020-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңыдан дайындалган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевди тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри өзүнүн куттуктоо сөзүндө ал өзгөчө көңүлдү экономикалык дипломатиянын өсүүчү ролуна бөлүү менен, өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун алдында турган милдеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр Р.Казакбаев дипломаттарды саламдашуу менен бирге, ушул жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки түзүлгөн учурдагы кырдаалга кыскача токтолду, Министрликтин ишинин негизги артыкчылыктарын белгиледи. КРнын тышкы саясий ведомствосунун жаңы башчысы көрсөтүлгөн ишеничтери үчүн ϴлкөнүн жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, азыркы учурда КРнын бардык мамлекеттик жана администрациялык органдарынын укуктук талаага туташ кайтып жатканын баяндоо менен, бул жөнөкөй эмес татаал мезгилде кризис-менеджер катары тышкы саясий ведомствону жетектөөгө алганын белгиледи, 

Кайра дайындалган Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А.Казакбаевдин мамлекеттик жана дипломатиялык иштердеги бай тажрыйбасын белгилөө менен, Биринчи вице-премьер-министр А.Э.Новиков жаңы жетекчиге жана Министрликтин бардык жамаатына ийгиликтүү жана жемиштүү иштерди каалады.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK