ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК), Коргоо министрлер кеңешинин (КМК) жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин (КККК) биргелешкен жыйыны болду

2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кыргыз тарабынын төрагалыгы астында ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТИМК), Коргоо министрлер кеңешинин (КМК) жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин (КККК) биргелешкен жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун төрагалыгы астында ЖККУнун уставдык органдарынын мүчөлөрү ЖККУнун жамааттык коопсуздук региондорундагы аскердик-саясий кырдаал жана Уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги (2018-2019-жылдардагы) ишмердүүлүгү жөнүндө пикир алмашышты.
Жыйында глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында эл аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну өркүндөтүү жөнүндө ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин Билдирүүсүнүн долбоору жактырылды, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча күч-аракеттер тууралуу ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий, коргонуу ведомстволорунун жана коопсуздук кеңештеринин башчылары 2019-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына кароого киргизилип жаткан мүчө-мамлекеттердин саясий, аскердик жана аскердик-экономикалык кызматташуусун тереңдетүү, Уюмдун ишмердүүлүгүн финансылык-экономикалык жактан камсыздоо, ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча чечимдердин долбоорлорун жактырышты.

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри
С.Лавров Россия Федерациясынын Уюмга төрагалык кылуу мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттары жөнүндө жыйындын катышуучуларына маалымдады.
Соңунда ЖККУнун ТИМК, КМК жана ККККдагы төрагалык кылуу белгисин (жезл) Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өткөрүп берүү аземи болду.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK