Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 14-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын 14-июнунан тартып чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жаңы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун (биометрикалык паспорт) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүн маалымдайт.
Ошону менен бирге, Министрлик 2021-жылдын 20-мартынан тартып чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык ички паспортту – ID-картты алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK