Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жаңы Визалык борбору ачылды

2019-жылдын 24-июлунда КР ТИМдин Тоголок Молдо көчөсү №10 дарегинде жайгашкан Визалык борборунун ачылыш аземи болду. Борбордун ачылышына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын Башкы директору Болот Абилдаев, ошондой эле Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Борборду ачуу учурунда Министр Ч.Айдарбеков Министрлик тарабынан өлкөбүздүн туристтик тармагын өнүктүрүүгө, чет өлкөлөрдөн туристтерди тартууга, Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет элдик коноктор үчүн жайлуу шарттарды түзүүгө чоң көнүл буруларын белгиледи. Бир катар араб өлкөлөрүнүн жарандары үчүн, эгерде аларда Жакынкы Чыгыштын экономикалык өнүккөн өлкөлөрүнүн резидент-карталары бар болсо, жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимди киргизүү демилгеленгендигин баса белгиледи.

Министр КР ТИМдин биринчи Визалык борборун түзүүгө олуттуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн Казакстан Республикасынын Ардактуу консулу Б.Абилдаевге ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, Болот Абилдаев жаңы Визалык борборду ачуу идеясы Министр Ч.Айдарбековго таандык экендигин жана анын ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында символикалуу экендигин белгиледи.

Маалымат үчүн: «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча түзүлгөн КР ТИМдин Визалык борбору Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандарына консулдук кызматтарды узун кезексиз жана узак убакыт күтүүсүз жайлуу шарттарда алууга мүмкүндүк берет. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр ушул эле Борбордо банктык төлөмдүк терминалдар аркылуу жүргүзүлөт.

Визалык борбордун кызматтарынын тизмесине визаларды тариздөө, алардын жарактуу мөөнөтүн узартуу, визалык колдоолорду (чакырууларды) тариздөө маселелери, ошондой эле документтерди легалдаштыруу жана консулдук эсепке алуу маселелери киргизилген.

Визалык борбордун ачылышы консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштырууга жана жакшыртууга карай кезектеги кадам болду, бул иштин сапатын олуттуу жогорулатууга, тейлөөнү жакшыртууга, арыздарды иштеп чыгуунун тездигин жогорулатууга жана убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Визалык борбордо заманбап видеобайкоо тутуму орнотулат, ал иштин транспаренттүүлүгүн жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга мүмкүндүк берет.

Министрлик консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү мыктылоо жана жакшыртуу жана аларды санариптик форматка өткөрүү боюнча ишти улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK