Ошто Кыргызстандын түштүгүнөн көмүр казган ишканалар менен Өзбекстандын чек ара менен чектеш облустарынан келген кызыкдар ишканалардын жолугушуусу болуп өттү.

2022-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ОЖБ облустарындагы өкүлчүлүктүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын жана «Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн» мекемесинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын түштүк облустарынын көмүр казуучу ишканалары менен Өзбекстан Республикасынын чек ара менен чектеш облустарынан көмүр ташып келүүнү жүзөгө ашыруучу жана ага кызыкдар болгон ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйыны болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Арипов ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын хокимдер кеңешинин төртүнчү отурумунун алкагында өткөрүлдү.

“Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн” мекемесинин жетекчиси К.Пазылов, КР Президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары У.Манапов жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ОЖБ облустарындагы өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Апышов, ошондой эле «Кыргызкомур» мамлекеттик мекеменин, Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана «Узбекуголь» ААКнын өкүлдөрү саламдашуу сөздөрүн айтышты.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын көмүр өндүрүүчү ишканалары менен Өзбекстандын көмүр импорттоочуларынын ортосунда түз ишкер байланыштарды түзүү, сапатты сертификациялоонун көйгөйлүү аспектилерин чечүү, транспорттук коридорлорду кеңейтүү, жеткирүүлөрдү уюштуруу, ошондой эле өз ара пайдалуу келишимдерди түзүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындай форматта жолугушууларды уюштурууну улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK