КРнын ТИМнин ОЖБ облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышов Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.

2022-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышов Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, анын алкагында КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен жолугушту. Жолугушуулардын жүрүшүндө аймактын чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эл аралык кызматташтыгын арттыруу жана аймактын инвестициялык, туристтик жана эксперттик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK