Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчиси Мээримбек Апышов Япониянын Осака шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Бунно Такаси менен жолугушту

2022-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы М.Апышов менен Япониянын Осака шаарындагы Кыргызстандын Ардактуу консулу Б.Такасинин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү шаарлардын жана райондордун Япониянын аймактары менен бир боордош мамилелерин түзүү келечеги боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары, Японияга органикалык продуктыларды жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын түштүгүнөн жаңгак жана кургатылган мөмө-жемиш экспорттоочуларынын ортосунда «Monotec International» филиалы менен түз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын Японияда мамлекеттик же аймактык деңгээлдеги, же түздөн-түз иш берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке орноштуруунун зарылдыгын талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK