Ч.Айтматовдун «Жамиля» повести боюнча музыкалык кече өттʏ

797

2021-жылдын 3-октябрында Моерс шаарында (Германия, Тʏндʏк Рейн-Вестфалия Федералдык округу) белгилʏʏ кыргыз жазуучусу Чыӊгыз Айтматовдун «Жамиля» повести боюнча немис тилинде музыкалык окуунун бет ачаар кечеси болду. Бул музыкалык чыгарма германиялык режиссер Конрад Гёке тарабынан уюштурулду.

«Жамиля» повести боюнча музыкалык окуу кечесин уюштурууга европалык деӊгээлдеги музыканттар менен артисттер катышты: Детмольд музыкалык академиясынын жана Амстердам консерваториясынын окутуучусу, фортепиано жана аккордеон ʏчʏн музыкалык коштоону тʏзгөн Марко Кассл, италиялык бас-баритон, Феррар консерваториясынын бʏтʏрʏʏчʏсʏ, Даниярдын ролун ойногон Джулио Альвизе Казелли, сопрано, Нидерландыдагы ArtEZ консерваториясынын бʏтʏрʏʏчʏсʏ Стелла Луиза Гёке – Жамилянын ролунда, германиялык актер жана аӊгемечи, Саиддин ролунда аӊгеме айткан Феликс Банхольцер жана Моерс шаарында жашап жаткан казакстандык пианист Гульназ Аймакова.

Музыкалык кеченин конокторуна Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Э.Б.Абдылдаевдин каты окулуп берилди жана бул катта белгилʏʏ кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын дʏйнөлʏк маданияттагы өзгөчө орду жана мааниси белгиленди.

Ч.Айтматовдун чыгармалары дʏйнөнʏн ар кайсы тилдерине, анын ичинде немис тилине которулган. Кыргыз элинин гана эмес, ошондой эле бʏткʏл адамзаттын мурасына айланган Ч.Айтматовдун чыгармаларына Германияда өзгөчө маани беришет.

«Джамиля» повести боюнча коюлган музыкалык окуунун бет ачаары көрʏʏчʏлөрдʏн купулуна толду жана массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тʏйʏндөрдө кеӊири жайылтылды. Бул музыкалык чыгарманы Германиянын башка шаарларында көргөзʏʏ пландалып жатат.

Музыкалык кеченин сʏрөттөрʏ фотограф Клаус Диекер тарабынан берилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK