Министр Ч.Айдарбековдун Польша Республикасынын тышкы иштер министри Я.Чапутович менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду

422

2020-жылдын 21-апрелинин кечинде КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Польша Республикасынын тышкы иштер министри Я.Чапутович менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

Тараптар пандемиянын дүйнө-жүзүнө тарап жаткан шартында коронавирустук инфекция жана анын терс социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүдө биргелешкен практикалык өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бөлүштү.

Министр Ч.Айдарбеков COVID-19 вирусунун жайылышына каршы аракеттенүүдө Кыргызстанга жардам берүү максатында ДСсУнун (ВОЗдун) алкагында польшалык дарыгерлерди жөнөткөндүгү үчүн Я.Чапутовичке ыраазычылык билдирди. Эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түздөн-түз байланыштарды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Польшадагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелери, анын ичинде, студенттердин жана эмгек мигранттарынын саламаттыгын сактоо үчүн шарттарды түзүү маселеси, визалардын колдонулуу мөөнөтүн узартууда польша тарабынын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү өзүнчө талкууланды.

Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүү үчүн туруктуу жумушчу байланыштарды камсыздоону улантышат. 

Мындан тышкары, министрлер жакынкы убакта онлайн конференция форматында министерлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кезектеги саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашты.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK