Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилиги «Өлбөс полк» онлайн акциясына катышты

536

 

2021-жылдын 9-майында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы Элчилигинин кызматкерлери «Өлбөс полк» онлайн акциясына катышып, согуш майданында фашизмге каршы баатырдык менен салгылашкан советтик жоокерлердин элесин тынчтык мүнөтү менен эскеришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчиликтин кичи-элчи-кеңешчиси М.Мамадалиев иш-чаранын катышуучуларын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик фронттордо салгылашкан баатыр ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин белгиледи. Алар биздин жаркын келечегибиз үчүн жанын аябай Ата Мекендик согушта, тылда иштеп, согуштан кийинки жылдары өлкөнү калыбына келтирүүгө бүт күчүн жумшашты.

Кыргызстан эли Жеңиш ишине татыктуу салымын кошту. Согуш жылдарында Кыргызстан армияга 360 миңден ашуун адамды же өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусун жиберип, жалпысынан 300 миңден ашуун жаңы жашоочуларды кабыл алган. 30 миңден ашуун кыргызстандыктар өлкөдөн тышкары аскердик өнөр жай ишканаларына жөнөтүлгөн. Кыргызстандын 150 миң жоокерине ордендер жана медалдар тапшырылып, алардын 29у Даңк орденинин толук ээси болушту, 73ү Советтер Союзунун Баатыры наамын алышты.

Иш-чарага ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана Экинчи Дүйнөлүк согуштун катышуучулары, Армения, Беларуссия, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын элчиликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын ар кайсы шаарлардан келген ар кандай диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK