Америка Кошмо Штаттарындагы диаспоралар тарабынан Баткен облусунун жашоочуларына көрсөтүлгөн жардам

435

АКШдагы диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, биргелешкен аракеттердин натыйжасында Баткен облусунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 18 миллион 725 миң сом өлчөмүндө каражат чогултууга мүмкүн болду.

Тактап айтканда, Америка Кошмо Штаттарындагы диаспоралардын өкүлдөрү Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Баткен районунун 30дан ашуун айылдарын кыдырып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен чогулган каражатты төмөндөгу категориялар боюнча курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө бөлүштүрүп берилди:

- каржылык кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан 19 курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөргө 165 миң сомдон бөлүндү;

- калган 17 курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар бирине 125 миң сомдон бөлүнгөн;

- оор жаракат алган 37 жарандын үй-бүлөлөрүнө ар бирине 100 миң сомдон бөлүнүп берилди;

- орточо оор абалда жаракат алган 51 жарандын үй-бүлөсүнө 66 миң сом бөлүндү;

- жеңил жаракат алган 82 жарандын үй-бүлөлөрүнө ар бирине 17 миң сомдон бөлүнгөн;

-кагылышуунун натыйжасында үйүнөн ажыраган 138 жаранга ар бирине 35 миң сомдон бөлүнгөн;

-кагылышуунун натыйжасында үйүнөн ажыраган 3 жаранга 25 миң сомдон бөлүнүп берилди.

Диаспоралардын өкүлдөрү бул каражаттарды АКШнын Нью-Йорк, Огайо, Питтсбург, Филадельфия жана Чикаго сыяктуу шаарларында жана штаттарында жашаган мекендештер чогултканын айтышты. Ошол эле учурда, "Элим Барсыңбы?" кайрымдуулук фонду, диаспоранын айтымында, зыяндын деңгээлин баалоодо, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн ортосунда акча каражаттарын бөлүштүрүүдө жана жер-жерлерде логистикалык маселелер боюнча жардам беришти.

Элчилик Баткен облусунун тургундарына баа жеткис жардамы үчүн АКШда жашаган мекендештерге дагы бир жолу терең ыраазычылыгын билдирет.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK