Америкалык айыл чарба техникаларын чыгаруучу завод өз продукциясын кыргыз фермерлерине жеңилдетилген шартта сунуштайт

770

2021-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бактыбек Аманбаев Американын "John Deer" машина куруу компаниясынын Эл аралык байланыштар боюнча директору С.Дин жана КМШ өлкөлөр менен кызматташуу боюнча директору А.Кузнецов менен жолугушуп, аталган компаниянын Кыргызстан менен кызматташуунун жакшыртуу жолдорун талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда элчи Б.Аманбаев Кыргыз Республикасынын айыл-чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү менен кеңиритааныштырып, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Ошондой эле элчи Б.Аманбаев компаниянын өкүлдөрүн Кыргызстандын рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн АКШнын жана башка өлкөлөрдүн финансы институттарынын кош каржылоо механизмдерин колдонуу мененкыргыз фермерлери үчүн жагымдуу шарттарды сунуштоо ззарылдыгын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, америкалык компаниянын өкүлдөрү кыргыз фермерлери үчүн жеңилдетилген жана жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууну жана Кыргыз Республикасында америкалык компаниянын өз ара аракеттенүүсүн жана потенциалын мындан ары жогорулатуу боюнча боюнча пландуу иш алып бараарын убада кылышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK