Дүйнөлүк Банк Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын жакшыртууга  25 миллион доллар кайтарымсыз грант берээри макулдашылды

835

2022-ж. 6-майында Вашингтондо Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Бакыт Аманбаев, Билим жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган кыргыз ректорлордун делегациясы Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча программасынын башчысы С.Джумена менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министри А.Бейшеналиев өлкөбүздө соңку жылдардагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан саясий реформалар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле министр мырза билим берүү тармагын келечекте кантип реформалоо боюнча пландары менен тааныштырды. 

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канада мамлекеттериндеги элчиси Б. Аманбаев билим жаатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалардын маанисин баса белгилеп, бул тармактын артыкчылыктуу делинген  багыттарына көңүлүн буруп, аларды кандай жолдор менен өнүктүрүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.

  Өз мезгилинде,  Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү «Келечек үчүн окутуу» долбоору тууралуу кеңири маалымат беришип, аталган программанын окуучунун жана мугалимдердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, адам капиталын ар тараптуу жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө багытталганын белгилешти. Талкуунун жүрүшүндө аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк тарабынан 25 миллион доллар кайтарымсыз грант жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасына берилээри маалымдалды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK