Мыктыбек Оролбай уулу Чикагого жеңиш менен келди

343

2024-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу UFC мушкери Оролбай уулу Мыктыбек жана кыргыз жарандарынын арасынан чыккан NAGAнын (Түндүк Америка Грепплинг ассоциациясы) чемпиондору менен жолугушту.

Башкы консул Болотбек Борбиев спортчуларды жылуу тосуп алып, Оролбай уулу Мыктыбекти Рио-де-Жанейродо өткөн кармашта кезектеги жеңиши менен жеке куттуктап, ошол эле учурда Чикагодо өткөн грэпплинг боюнча мелдештеги жеңиштери менен жалпы спортчуларды куттуктады. Аларга кыргыз спортуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирдип, профессионалдык карьерасында мындан аркы ийгиликтерди каалап, кыргыз спортчуларынын дүйнөлүк аренадагы жетишкендиктери маанилүү экенин белгиледи.

Спорчулар жолугушууда жылуу-бийик маанайда болуп, Башкы консулдуктун жана бүткүл кыргыз элинин колдоосуна ыраазычылыктарын билдирип, Кыргызстандын атын дүйнөлүк спорт аренасында даңазалоого болгон умтулууларын жана жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоо ниеттерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK