Дипломатиялык миссиянын башчысы

Аты жөнү: Маматалиев Калдарали Капарович

Туулган датасы: 12-октябрь 1960-жыл

Туулган жери: Кыргыз Республикасы Ош шаары

Улуту: кыргыз

 

Билими:

1985-ж. Фрунзе политехникалык институту

          Адистиги: Инженер-механик

2010-ж. ТИМдин алдындагы Дипломатиялык академиясы

          Адистиги: Эл аралык мамилелер

Эмгек ишмердүүлүгү:

2019-ж. баштап Кыргыз Республикасынынын Президентинин 2019-жылдын 16-сентябрьдагы  №132 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынынын Новосибирск шаарындагы Башкы Консулу

2016-ж. август айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин – ТИМдин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары;

2014-2016 жж. – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Вице-консулдугунун Вице-консулу (Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун филиалы);

2011-2014 жж.- Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин Биринчи катчысы – консулу;

2006-2011 жж. - ТИМдин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары;

2006-жылга чейин мамлекеттик жана комсомолдук кызматта эмгектенген.

Үй бүлөлүк абалы:

 

Үй бүлөлүү, 5 баланын атасы.

 

Чет тилдерди билүүсү:

Орус, түрк, өзбек тилдеринде сүйлөйт

 

Жеке сапаттары:

 

Жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана адамдар менен жеңил тил табышат

Дипломатиялык ранг:

Дипломатиялык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси

 

 

Сыйлыктары:

 

ТИМдин Ардак грамотасы – 2008, 2017 жж.;

Ош шаарынын Мэриясынын Ардак грамотасы -2017-ж.;

Россиядагы «Мекендештер» аймактар аралык ассоциациясынын Ардак грамотасы