Дипломатиялык миссиянын башчысы

Кыргыз Республикасынын Украинадагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Шарипов Жусупбек Шарипович

Туулган жылы жана жери: 27.04.1955-ж.т, Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Кулжа айылында туулган.

Билими: Украина, Киев инженердик-курулуш институту.

Эмгек жолу:

1978 – 1979-ж.ж.           Ош шаарындагы “Ошстрой” проект-смета чыгаруучу трест тобунун инженери;

1979 - 1985-ж.ж.          Джалал-Абад шаарындагы “Ошстрой” трестинин Джалал-Абад курулуш-монтаждоо башкармалыгынын ага жетектөөчүсү, мастер;

1985 - 1986-ж.ж.           КП Киргизиянын Кара-Суу райондук комитетинин өндүрүш бөлүмүнүн инструктору, Кара-Суу шаары;

1986 - 1989-ж.ж.           Орун басары, Таш-Көмүр шаардык элдик депутаттарынын кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Таш-Көмүр шаары;

1989 – 1990-ж.ж.           Жогорку партиялык окутуучу жайынын окуучусу Саратов шаары;

1990 – 1992-ж.ж.           Ош шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, Ош шаары;

1992 – 1994-ж.ж.          Шаардык мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, Ош шаары;

1994 – 1995-ж.ж.          Ош областынын газ чарба башкармалыгынын жетекчиси, Ош шаары;

1995 – 1997-ж.ж.          Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын биринчи орун басары;

1997 – 1999-ж.ж.           Инспектор, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

январь-сентябрь

1999 - ж.                        Бишкек шаарынын Октябрь районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;

1999 – 2000-ж.ж.          Ош шаарынын мэри;

2000 – 2002-ж.ж.          Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - Губернатор;

2002 – 2005-ж.ж.          Кыргыз Республикасынын Джалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - Губернатор;

2005 – 2007-ж.ж.          Коомдук-саясый ишмердүүлүк;

2007 – 2014-ж.ж.           Эр-Рияд шаарында жайгашкан резиденциясы менен Сауд Аравия Падышалыгындагы, Катар Мамлекетиндеги, Кувейт Мамлекетиндеги, Египет Араб Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Ислам кызматташуу уюмунда Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү;

2014 –2017 -ж.ж.           Эль-Кувейт шаарында жайгашкан резиденциясы менен Кувейт Мамлекетиндеги, Марокко Падышалыгындагы, Иордан Хашимит Королдугундагы жана Бахрейн королдугундагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

2017-жылдын 16-ноябрынан тарта     Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

2018-жылдын 8-октябрынан тарта      Киев шаарында жайгашкан резиденциясы менен Молдова Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Дипломаттык ранг, мамлекеттик сыйлыктар жана даражалар:

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (2007-ж.);

Кыргыз Республикасынын Экинчи класстагы Мамлекеттик кеңешчиси  (2000-ж.);

Бир топ университеттердин Ардактуу профессору;

Кыргыз Республикасынын бир топ райондорунун жана шаарларынын Ардактуу атуулу;

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын “Данк” медалы;

Кыргыз Республикасынын “Манас-1000”, “Ош-3000” юбилейлик медалдары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардактуу грамотасы;

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин медалдары;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медалдары;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин медалдары;

“Золотая Фортуна” эл аралык медалы;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги.

Чет өлкөлүк тил билүү: кыргызча (эне тил), орусча (эркин), арабча жана украинче (сүйлөшүү)

Үй-бүлөлүк абалы: үйлөнгөн, эки уулдун жана бир кыздын атасы, 7 небереси бар.