2021-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин демилгеси менен "Бишкек штамповочный завод" мамлекеттик ишканасы менен Украинанын машина куруучулар жана жумуш берүүчүлөр Лигасынын "Укрмашстрой" ассоциациясынын ортосунда видео конференция аркылуу жолугушуу болуп өттү .

258

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасындагы “Бишкек штамповочный заводу” мамлекеттик ишканасынын базасында өрт-куткаруу жана айыл чарба шаймандарын биргелешип чогултуу боюнча өнөр жайларды ачуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, тараптар тажрыйба алмашуу жана эки тараптуу кызматташтыкты орнотуу боюнча келишимге жетишишти.

Өз кезегинде украин тарап кыргыз тарапты Украинанын машина куруучулар Лигасынын "Укрмашстрой" ассоциациясынын курамына кирген ишканалар менен таанышууга чакырып, Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюуга даяр экендигин билдирди.

  • 2021-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин демилгеси менен

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK